Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮНҮН ИРАК МАСЕЛЕСИНДЕГИ КӨЗ КАРАШТАРЫ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү Иракты куралсыздандыруу боюнча кандай көз карашты карманууда? Алардын позициясына Улуттар уюмунун аскерий комиссиясынын башчылары Ханс Бликс менен Мохамад ал-Барадейи дүйшөмбү күнү Коопсуздук кеңешинде жасаган доклад кандай таасир этиши мүмкүн?

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жөнүндө сөз кылганда, адегенде кеңештин чечүүчү добушка ээ беш мүчөсү АКШ, Британия, Кытай, Россия жана Франциянын көз карашын тактап алган жөн. АКШ менен Британия Ирак массалык жок кылуучу куралдарын өнүктүрүүдө, эл аралык аскерий инспекцияга өзүнүн жашыруун куралдары сакталган жайларды көрсөтпөй, Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп эсептешет.
Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу айтканга караганда:

- (Ирак лидери) Саддам Хусейндин убактысы бүттү... Анын Коопсуздук кеңеши алдында алган милдеттенмесин толук аткарганга 12 жыл берилген.


Британия да АКШ сыяктуу эле Коопсуздук кеңеши кабыл алчу экинчи резолюцияда Иракка каршы күч колдонууга уруксат берилишин оң көрөт. Андай уруксат болбосо да, Британия АКШ башындагы операцияга кошулат деп күтүлүүдө. Ошентсе да, АКШнын Мамлекеттик секретары Колин Пауэллдин сөзүнчө:

- (АКШ) өкмөтү Улуттар уюмунун инспекциясынын докладына чоң маани берет жана аны кылдат үйрөнөт. Ошондон кийин, Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү менен доклад боюнча пикир алмашат.

АКШ Президенти Жорж Буш Ирак боюнча келерки кадамын шейшемби күнү Кемп-Дэвидде Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен талкуулап, экөө бир чечимге келишет.

Россия Ирактын куралсызданганын тастыктаган танык-далилдер жок экенин танбаса да, согуш ачуу үчүн Коопсуздук кеңешинин чечими болуш керек деген көз карашта.
Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Александр Яковенко:

- Бизге жеткен алдын ала маалыматтарга караганда, Ирактагы инспекциянын иши эч тоскоолсуз жүрүүдө. Улуттар уюму менен МАГАТЭнин инпекторлору Ирак массалык кыргын салчу куралдарын жок кылдыбы же жокпу деген суроого жооп бералат.

Кытай да Ирак инспекция менен кызматташып жатканын айтып, инспекторлорго кошумча убакыт берилишин жактайт.
Кытайдын Ирак саясаты тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжан Циюэ айым мындай деп билдирген:




- Биз Ирак маселеси дипломатиялык жана саясый жол менен жөндөлсүн деген туруктуу позициядабыз.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Франция инспекциянын иши тоскоолсуз жүрүп жаткандыктан, күч колдонуунун зарылдыгы жок деген ишенимде жана аскерий операцияга каршы чыгарын жашырбайт.
Европадагы таасирлүү өлкөлөрдүн бири, жыл башында Коопсуздук кеңешине 2 жылга мүчө шайланган Германия да Ирак чатагын тынчтык жолу менен жөндөөнү колдоодо.




“Биздин оюбузча, Иракты тынчтык жолу менен куралсыздандыруу үчүн бардык аракет жасалыш керек. Бул Франция менен Германиянын жалпы позициясы”, - деген канцлер Герхард Шрөдер өткөн бейшемби күнү француз президенти Жак Ширак менен Берлинде немис студенттери менен болгон кездешүү учурунда.

Коопсуздук кеңешинин вето укугу жок калган 9 мүчөсүнүн ичинен, Ангола, Чили, Гвинея жана Камерун өз позицияларын Бликс-Эл-Барадейдин доклады менен таанышкандан кийин айтат деп күтүлүүдө.

Ассошиэйтед пресс агентигинин маалымдашынча, Испания, Мексика жана Болгария Коопсуздук кеңеши уруксат бербесе да, Иракты куралсыздандырууну колдошу мүмкүн.

Пакистан башынан эле инспекторлор бир бүтүмгө келмейинче, текшерүү токтотулбасын жана кризис тынчтык жолу менен жөндөлсүн деп келет.

Сирия болсо Ирак өкмөтү Коопсуздук кеңеши алдындагы милдетенмесин толук аткарды деп, БУУнун Иракка карата экономикалык санкциясын алып салууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG