Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

ООГАНСТАН: ТАЛИБДЕР ДАГЫ ЭЛЕ БАР


Нарын АЙЫП, Прага Талиб бийлиги кулатылгандан кийин Ооганстанда орногон өкмөт чет өлкөлүк аскерлердин күчү менен гана кармалып турат. Ошол эле учурда, кээ бир маалыматтар боюнча, "Талибан" жана "aл-Каиданын" жоокерлери өлкөнүн ар башка аймактарында дагы эле бар жана өкмөткө каршы аскерий аракет көрүүгө ыңгайлуу шарт күтүүдө.

26-январда Давос Экономикалык Форумунда чыгып сүйлөгөндө, Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл АКШнын эл аралык саясатын жактап, Ооганстандын мисалын келтирди. Анын айтымында, АКШ дүйнө үчүн жоопкерчиликти сезет жана ошого жараша аракеттенет:

- Америка Кошмо Штаттары дүйнө элинин ишенимине арзууда. Ооганстанды эле алып көрөлү. Өлкөдө азыр он миң америкалык аскер бар, жана алар Ооганстандын коопсуздук системасын курууда. Өлкөнүн жаңы өкүлчүлүктүү өкмөтү түзүлдү, жаңы жолдор, жаңы ооруканалар, жаңы мектептер курулууда, аларда эркек балдар менен кошо кыздар да окуйт жана жаңы турмуш курууга үйрөнөт. Ооганстан - эл аралык терроризмге каршы күрөшүү багытында биз кандай ийгиликке жеткенибиздин бир эле далили.

2001-жылдын октябрында АКШ аскерлери Ооганстанга каршы согуш баштаганда, өлкөнү 1996-жылдан бери бийлеген талибдер жоголгон, бирок алардын жетекчилери кармалган эмес. Өткөн жылдын июн айында ооган элинин "Лойа Жыргасы" чогулуп, убактылуу өкмөттү жетектеген Хамид Карзайга 2004-жылга чейин өлкөнү башкарууга укук берген.

Анткен менен, өкмөттүк план боюнча, 2004-жылы өтө турган парламенттик шайлоого саясий партиялар катышпайт, жана кээ бир саясатчылар аны катуу сынга алууда. 1996-жылга чейин Ооганстандын президенти болгон Бурхануддин Раббанинин айтымында, саясий партияларды шайлоодон четтетип салуу - өлкөдөгү саясий абалды туура эмес баалаганга барабар. Раббанинин пикири боюнча, өлкөнүн бүткүл соңку тарыхы - тиги же бул саясий партия же кыймылдардын аракеттери менен байланышкан, ошондуктан, аларды шайлоого катыштырбоо чоң ката болот.

Раббани ооган калкына кеңири белгилүү саясатчы. 1980-жылдарда ал советтик баскынчылыкка каршы согушкан, кийин талибдерге каршы күрөшкөн Түндүк Альянсты жетектеген, азыр болсо "Жамият-и-Ислами" партиясынын лидери. Бирок Хамид Карзай аны өзүнүн убактылуу өкмөтүнүн курамына кошкон эмес. Дагы бир белгилүү ооган саясатчысы, "Итихад-и-Ислами" партиясынын жетекчиси Абдул Расул Саяф дагы өкмөткө кирбей калган, бирок жергиликтүү эксперттердин айтымында, Раббани да, Саяф дагы - 2004-жылы өтө турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин коет.

Ооган саясий күчтөрү арасында учурдагы күрөш канчалык күчтүү экендигин Жогорку соттун акыркы бүтүмдөрү эле көрсөтөт. Соттун өткөн аптада кабыл алган чечими боюнча, Кабул шаарындагы беш кабел сыналгы түйүнүнүн аракеттерине тыюу салынат. Анын алдында Жалалабад шаарындагы кабел сыналгылары жабылган. Герат провинциясынын акими Исмаил Хан болсо, жакында окуу жайларында аялдар менен эркектердин чогуу отуруусуна бөгөт койгон жобого кол койду, андан тышкары, мектепте эмес, үйдө сабак окутканда дагы, эркектер аялдарга мугалим боло албайт.

Талибдер орноткон тартип жоюлуп, Колин Пауэлл айткандай, Ооганстанда жаңы турмуш курулуп жатканда мындай чечимдердин кабыл алынышы - өлкөнүн саясий турмушундагы тымызын күрөш күчтүү экенин айгинелейт.

Ооганстан менен Пакистан чек арасынан алынган акыркы маалыматтар боюнча болсо, бул аймактарда "Талибан" менен "aл-Каиданын" бир топ күчтөрү эмгиче жашынып жүрөт жана жергиликтүү калк да аларга жардам көрсөтөт. "Нью-Йорк Таймс" гезити 28-январда жазып чыкканга караганда, АКШ Иракка каршы согуш баштаганда, "aл-Каиданын" террорчулары менен талибандын калдыктары Хамид Карзайдын өкмөтүнө каршы аскерий аракет көрүшү мүмкүн.
XS
SM
MD
LG