Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Баткен областтык ооруканасына Германия өкмөтү жардам көрсөттү


БАТКЕН. Областтык оорукананын жетекчилигинен 28-январда алынган маалыматка караганда, Германия өкмөтүнөн келген жардамды негизинен төрөт бөлүмүнө тиешелүү медициналык жабдуулар түзөт. Алардын арасында ультраүндүү сканерлер, электр бычагы жана салмагы жетпей төрөлгөн ымыркайлар үчүн күйбөс жабдыктар бар. Германия өкмөтү жиберген бул жабдыктардын жардамы менен эми баткендик дарыгерлер 500 грамм салмак менен төрөлгөн ымыркайлардын да өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бубүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG