Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстандын юстиция министри референдумду өткөрүү мөөнөтүн өлкө жетекчилиги туура белгилеген деп эсептейт


БИШКЕК. 28-январда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри, юстиция министри Курманбек Осмонов «Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алууга арналган референдумду башка убакытта өткөрүү мүмкүн эмес болчу», деп билдирди. Анын маалыматына караганда, референдумду 2-февралда өткөрүүгө үч жагдай себеп болгон. Алар - элдин долбоор менен толук таанышып, өз сунуш–пикирлерин билдиргени, жазгы талаа жумуштарынын жазда баштала тургандыгы жана жазында оппозициячыл күчтөрдүн да кайрадан күч алышы мүмкүн экендиги. Ошондуктан, бийлик референдумду 2-февралда өткөрүү максатка ылайыктуу деп чечкен. «Ал эми АКШнын Улуттук демократия институту менен ЕККУнун Адам укуктары боюнча бюросунун «референдум чукул белгиленди» деген билдирүүсүнөн кийин чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери менен жолугушуп, жагдай тууралуу маалымат бердик», - деп билдирди Курманбек Осмонов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG