Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Президент Аскар Акаев Ысыккөл областынын активи менен жолугушту


КАРАКОЛ. 28-январда президент Аскар Акаев Ысыккөл областынын активи менен жолугушту. Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өткөн областтын активине ар бир район, айылдан күн мурдатан, такталган тизме боюнча келген өкүлдөр катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам долбооруна жана жалпы элдик референдумдун саясий маанисине токтолду. Демократиялык жолду улантуу максатында Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып жаткандыгын баса белгилөө менен, Аскар Акаев Башмыйзамдын негизги беш милдетине кеңири баяндама жасап, жалпы кыргызстандыктардын ынтымагына бекем ишене тургандыгын билдирди. Активде конституциялык мөөнөтү аяктаганга чейин, тактап айтканда, 2005-жылдын декабрына чейин анын президенттик ыйгарым укуктарын колдоо тууралуу пикирлер айтылды.

XS
SM
MD
LG