Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Бишкекте Эл аралык басма үйү каттоодон өткөнү белгилүү болду


БИШКЕК. Кыргызстандагы Эл аралык басма үйү Юстиция министрлигинде катталгандыгы шейшембиде маалым болду. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф мырза билдирди. Кыргызстандын юстиция министринин орун басары Эркинбай Мамыровдун ушул эле күнү билдиргенине караганда, Эл аралык басма үйү өткөн жылы 30-декабрда каттоодон өткөн. Анын айтымында, Эл аралык басма үйү коммерциялык иштерди жүргүзүүгө укуктуу, демек жумурияттагы гезиттерди басып чыгара алат. АКШ элчисинин айтымында, Эл аралык басмаканага камкордук көрүү кеңешине америкалык саясатчылар жана жергиликтүү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирет. «Журналист» уюмунун башчысы Кубан Мамбеталиевдин маалыматына караганда, камкордук көрүү кеңешине Кыргызстандан «Дело №» гезитинин башкы редактору Виктор Запольский, «Интерньюс» уюмунун өкүлү Элвира Сариева жана «Евразия» фондунан Шакират Токтосунова кирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG