Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

АКШнын Мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушту


БИШКЕК. Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысы Элизабет Джонс 28-январда президент Аскар Акаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары жана эркин массалык маалымат каражат өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер жөнүндө сөз жүрүп, Конституциянын жаңы редакциясы жана референдум тууралуу маалымат берилди. Элизабет Джонс кыргыз-америка кызматташтыгына ыраачылыгын билдирип, Америка Кыргызстанга жакырчылыкты жоюш үчүн, тактап айтканда, аялдарды жана балдарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын долбоор чегинде кошумча жардам берүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди. Элизабет Джонс ошондой эле Кыргызстандагы саясий абалдын туруктуу өнүгүшүнө АКШ кызыкдар экендигин да айтып өттү.

XS
SM
MD
LG