Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР СТАЛИНДИН ДООРУН ЭСКЕ САЛАБЫ?


Улан Алымкул уулу, Прага Президент Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенгени үчүн айыпталып, Түркмөнстанда бир нече адам соттолду. Эл аралык укук коргоо уюмдары жана батыштык басылмалар Түркмөнстанда тез эле аяктаган шектүү сот жараяндарын Сталиндин доорундагы окуяларга салыштырууда.

Түркмөн президенти Сапармурад Ниязовдун "ыйык өмүрүнө" кол салууга аракеттенгени үчүн айыпталып, соттолгон адамдардын анык саны белгисиз. Түркмөнбашы өзү өткөн аптанын жума күнү кечинде мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө жабык сот жараяндары аяктаганын, бардыгы болуп 46 адам соттолгонун билдирди. Ошондой эле Түркмөнбашы кол салуу окуясынын камакка алынбай калган 5-10 катышуучусу азырынча изделбей турганын белгиледи. Эгер президент С.Ниязовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенгени үчүн шектелип, алтымыштан ашуун киши камалганын эске алганда түрмөдө жазасын күтүп жаткан башка айыпкерлер да болушу мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, Түркмөнстандын өзүндө кеминде үч адам өмүрүнүн акырына дейре түрмөгө кесилди. Алардын бири, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадовго карата өкүмдү соттон мурда эле түркмөн парламенти - Элдик Кеңеш чыгарып койгон. Түркмөн оппозициясынын четте жашаган эки өкүлү - Кудайберды Орозов менен Нурмухамед Ханамов болсо өмүр акырына дейре түрмөгө сырттан кесилди. Кудайберды Орозов мурда вице-премьер, Улуттук банктын төрагасы, ал эми Нурмухамед Ханамов Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген эле. 20-25 жылга эркинен ажыратылгандардын арасында да мурда жогорку өкмөттүк кызматта турган адамдар бар. Сот жараяндары жабык өткөндүктөн айыпкерлерге өзүн коргоо, адвокат жалдоо укугу берилгени да күмөндүү. Айтор, эл аралык укук коргоо уюмдары менен Батыш басылмалары Түркмөнстандагы шектүү сот жараяндары өткөн кылымдын 30-жылдарында, сталиндик репрессиянын учурунда орун алган көрүнүштөрдү эске салаарын белгилешүүдө. Түркмөнстандагы окуяларды ушундайча мүнөздөгөн макаланы америкалык "Нью-Йорк Таймс" гезити да жарыялады.

Президент С.Ниязовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенгендердин ишин тергөө учурунда түркмөн бийликтери тарабынан көрүлгөн чараларды АКШ, ЕККУ уюму, бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышкан. Маселен, Брюсселдеги Эл аралык кризис тобу деген уюм жакында жарыялаган отчетунда Түрмөнбашыны Ирактын президенти Саддам Хусейнге салыштырды. Ал эми ЕККУнун Туруктуу кеңешинин жыйынында Түркмөнстандагы укук бузууларды иликтөө үчүн Ашхабадга атайын топ жиберүү зарылдыгы айтылган. ЕККУнун Сөз эркиндиги боюнча өкүлү Фреймут Дуве түркмөн президентин Сталин менен Гитлерге теңештирет:

- Биз жалгыз эле диктатурага эмес, толук тоталитардык системага кездешип жатабыз. Иосиф Сталин менен Адольф Гитлердин доорунда орун алгандай окуяларга туш келдик деп айтсак болот. Бул деген - жалпы душман - каны бөлөк чет элдиктер, түркмөн эместер дегенди туюндурат. Ушундан улам С.Ниязовдун өлкө ичинде душмандары көп. Ал каны аралашып кеткендер тууралуу айтууда. Экинчиден, сиз мамлекеттик бийликтин жогору тепкичиндеги чыккынчылардан кутулушуңуз керек. Сталин дал ушундай кылган.

ЕККУнун өкүлүнүн жогорудагы сөздөрү С.Ниязов өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри, өмүр бою түрмөгө кесилген Борис Шихмурадовду жарымы армян, жарымы түркмөн "аргын" деп мүнөздөгөнүнө байланыштуу айтылды окшойт. ЕККУнун иликтөөсүн алдын алуу максатында, С.Ниязовдун көрсөтмөсүнө ылайык, өткөн аптада өлкөнүн тышкы иштер министри Рашид Медеров Венада болуп кетти. Анда Президент С.Ниязов тышкы иштер министринин Венадагы сапарынын максатын мындайча түшүндүргөн:

- Мен тышкы иштер министрин ЕККУга өзү менен кошо баардык видеотасмаларды алып барып, ошол жакта көргөзүү үчүн жөнөттүм.

Ал эми тергөө иштерин ийгиликтүү жүргүзгөнү үчүн сыйлык алган баш прокурор Курбанбүбү Атажановага Түркмөнбашы тезинен кол салуу окуясы боюнча "Ата - мекендин чыкынчылары "деген аталыштагы китепти чыгарууну буйруду. С.Ниязов белгилегендей, ал китеп келечекте муундан-муунга өтүп, сакталышы керек.
XS
SM
MD
LG