Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Пхеньян азыркы кризисти бир гана Вашингтон менен чечкиси келет


Бул тууралуу бүгүн Түндүк Кореянын Москвадагы элчилиги кайрадан ырастады. Элчиликтин билдирүүсүндө Вашингтон өз ара кол салышпоо тууралуу келишимге кол койгонго макул болсо гана Пхеньян эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу өзүнүн атомдук программасына байланышкан чечимдерин кайра карап чыгышы мүмкүн деп айтылат. Ал эми Пхеньянда түштүк кореялык президенттин атайын чабарманы Лим Донг Вон бүгүн түндүк корей өкмөтүнүн ассамблея төрагасы Ким Чен Нам менен жолугушту. Лим эртең сапары аяктагыча түндүк корейлердин лидери Ким Чен Ир менен да жолугушканга үмүт кылууда.

XS
SM
MD
LG