Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Ирак эл аралык эксперттердин докладын жалпысынан оң баалайт


Мындан ары да инспекторлор менен ийиндеше иштешкенге даяр, деп билдирди Ирактын вице-премьери Тарик Азиз канадалык Си-би-си телекоманиясына берген интервьюсунда. ООНдун атайын комиссиясынын башчысы Ханс Бликс коопсуздук кеңешиндеги отчетунда Ирак инспекторлор менен жетишерлик өлчөмдө кызматташпагандыгын белгилеп көрсөткөн эле. Тарик Азиз буга байланыштуу Ирак Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташканга, ал эми Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө даяр экендигин ырастады. Президент Саддам Хусейн бүгүн аскери төбөлдөр менен бир нече курдай кеңешме өткөрүп,аларды армиядагы чыккынчылыктан сак болгонго чакырды. Ал эми Анкарада америкалык жана түркиялык ырасмий өкүлдөр бүгүн Иракта уруш башталса, анын айрым салакаларын,анын ичинде качкындардын проблемасын жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты.

XS
SM
MD
LG