Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:10

Иракка куралсызданганга эми убакыт калган жок


Америкалык администрациянын өкүлдөрүнө шилтеме берип, ”Вашингтон пост” гезити Кошмо Штаттары Ирактын колунда массалык кыргын салчу куралдар бар экенин далилдеген чалгындоо маалыматтарын келерки аптада жарыялаганы жатканын кабарлады.Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Ирак үчүн ООНдун талаптарын аткаруу мөөнөтү бүткөндүгүн белгилеп,кырдаал өтө олуттуу оролго жетти деп билдирди. Австралиянын премьери Жон Ховард да Иракты
эл аралык инспекторлор менен кызматташкандай гана түр көрсөтүп жатканы үчүн кескин сынга алды. Орус президенти Владимир Путин бүгүн Ирак бийликтерин эскертип,эгер инспекторлордун ишине тоскоолдуктар жасалса, Россия кыйла катаң позицияга өтүшү мүмкүн деп билдирди. Ал эми Кытай, Франция жана Германия мурдагыдай эле Иракта инспекция ишин улантуу зарыл деп эсептешет.Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи согуш менен Ирак проблемасын чечкенге болбойт деп эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG