Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАСЫЛМАЛАР АЛДЫДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДУ ТАЛКУУЛАП ЖАТЫШАТ


Кыргыз басма сөзүндөгү соңку макалаларга баяндама.

“Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн тушунда бир канча Конституцияны башынан кечиргенин» шейшембидеги «Агым» гезитинде саясат таануу илиминин доктору Жолборс Жоробеков жазып чыкты. Автордун айтымында, эмки бир палаталуу парламент деле ашып барса 7-10 жылга созулушу мүмкүн. «Биз кайра эки палаталуу парламентке келебиз», «дүйнөдө өзгөрбөгөн эч нерсе жок»,- дейт Жолборс Жоробеков. Бишкектин Биринчи Май районунун акими Токон Шайлиеванын «Агымдагы» маеги «Жогорку Кеңеш оппозициянын ордосуна айланды» деген аталышта жарыяланган. Т. Шайлиева парламент тарашы керек деп эсептейт. Анын оюнча, азыркы парламент мындан ары деле жакшы иштерди жасай албайт. «Мен бизнести мурдатан билем,- дейт Т. Шайлиева,- бирок бизнес кылганда кредит алып, ошол акча менен иштечүмүн. Президенттин балдары деле ошентип иштеп келатышат». Жогорку Кеңештин таратылышы азырынча бүдөмүк экенине Абдувахаб Мониев «Тарайт же тарабайт?..» деген макаласында токтолгон. Автордун жазганына ынансак, парламент ушу тапта эки анжы, муну референдумдан кийин президент Акаев өз кызыкчылыгына эң сонун пайдаланат.

Референдум өткөндөн кийин Мелис Эшимканов мамлекеттик катчы, Нарын областынын губернатору Аскар Салымбеков премьер-министр болуп, Темирбек Акматалиев Нарын областын башкарып калышы мүмкүн экендигин шейшембиде «Лица» гезити жарыя кылды. «Референдумдан соң бийлик оппозицияга каршы катаң чараларга өтөт, бирок аны калк кеч түшүнөт»,- дейт гезитте жарыяланган маегинде парламент депутаты Алевтина Проненко.

Референдум жакын калганда шайлоочулары менен жолугуп келүүгө депутаттардын көңүлү жоктугун шейшембиде «Моя столица» гезити ачыкка чыгарды. Депутаттардын көпчүлүгү элге референдумду колдоп берүү кайрылуусу менен чыгышкан. Эл арасында үгүтчүлөр ансыз деле жетиштүү. Бирок «алар кайсы акчанын эсебинен айыл-шаар кыдырып жүрүшкөнүнө кызыккан жан жок», деп жазат Рина Приживойт. Акаевдин тушунда Кыргызстанда коррупцияга каршы туруу мүмкүн эместиги, мафиялык, үй-бүлөлүк, кландык топтордун иши жүрүшүп жаткан чакта бийликке илешип жеп-ичмейден сыртта калуу кыйын экендиги тууралуу Топчубек Тургуналиев «Кыңыр иштерде Казакстан менен Кыргызстан алдыда» деген маегинде кеп салат. Тургуналиевдин айтымында, Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылып кеткен акчанын үчтөн бири Интерпол аркылуу кайтарылса эле республиканын кризистен чыгышына четте сакталган 300–400 миллион доллар кадыресе огожо болмок.

Референдум алдында Акаев ардагерлерге акчалай сыйлык берип, аксакалдарга ак калпак кийгизип, энелерге ак жоолук салганын шейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады. Гезит кабарлагандай, президент 129 кишиге жаңы китебин белекке берип, аксакалдарды референдумга активдүү катышууга чакырган, сыйлангандар бир ооздон референдумду колдой турганын айтышкан.

«Аскар Акаевдин «Манас Ордодогу» улуу зыяраты» - анын Таластагы иш сапары ийгиликтүү өткөнүн шейшембиде «Эркин тоо» , «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери жарыялашты. «Эл үчүн ак дилден эмгектенип, жүзүнөн нуру төгүлгөн мамлекет башчыбыз А.Акаевди жалгыз кыргыз эли гана эмес Көкө Теңир да колдоп, ошол күнү Талас жергесинде күн чайыттай ачылып, төгүлгөн күн нурлары адамдарга жагымдуу, жылуу сезим тартуулап турду»,- деп жазышты «Эркин тоо» гезитинин кабарчылары. Ушул эле гезитте Э.Тереков «Өгөйлөгөндөрдүн өзү ким?» деген макаласында иштен кеткен президентти мамлекет камкордукка алуу зарылдыгына токтолгон. «Эгерде президент кийин кепилдик албаса, ага аргасыздан өмүр бою монарх болууга туура келип, ал өз ыктыяры менен кетээри күмөн. Ал эми өзү бир кезде шайлаган башчынын эмгегине баа бере албаган, майда-барат ачууга, таарынычка алдырган улуттун келечеги кейиштүү гана болмокчу», деп жазат ал.

75 депутаттан турган парламент түзүш үчүн бийлик референдумда элдин ошончолук эле сандагы колдоосун алууга үмүткөр экенин шейшембиде «Республика» гезити жазды. Гезиттин ырасташынча, президенттин калктын 75 % аны колдоорун улам-улам кайталап атышы - аткаминерлерге багышталган көрсөтмө.

28-январдагы «Слово Кыргызстана» гезити С. Кронин, Э. Тереков, А. Жапаров деген авторлордун макалаларын жарыялады. «Референдум бюллетениндеги «ооба» дегендердин экөөн тең чийип салсаңар жакшы турмуш тууралуу ойлобой-ак койгула», деп эскертет С.Кронин.

Шейшембиде «Кыргыз туусу» гезити Кубанычбек Жумалиевдин «Акаевдин көсөмдүгүн акыркы Указдан деле түшүнсө болот» деген маегин жарыялады.

«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Элмира Кулуеванын билдиргенине караганда, гезиттин жаңы санында «Алтын кыргоол» киносун кыргызстандыктар француздардын уруксаты жок көрө албай тургандыгы жөнүндө макала, Жыпар Жекшеевдин маеги жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG