Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

Белгилүү боксчу Виталий Кличконун тапкөйлөрү Леннокс Льюисти сотко бериши мүмкүн


Бул тууралуу украиналык спортчунун менежери Клаус Петер Коль билдирди. Бүткүлдүйнөлүк боксчулар кеңешинин версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиону Льюис быйыл апрелде Кличко менен беттешкенге ниеттүү экенин билдирген эле. Бирок анын адвокаты ырастагандай, Льюис быйыл жайда кайрадан экс-чемпион Майк Тайсон менен беттешүүнү чечти. Льюис эгер Кличко менен беттешпей турган болсо, аны Коль сотко бериши мүмкүн. Кличконун башка бир өкүлү болсо кокус Льюис кайра Тайсон менен беттешсе, көп миллион доллар өлчөмүндө айыппулга жыгылат, атүгүл чемпиондук наамынан ажырайт деп эскертти. Бир тууган Виталий жана Владимир Кличко азыр Германияда жашашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG