Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

ПАСЕнин бүгүнкү жыйынында Чеченстандагы жагдай талкууланууда


Еврокеңештин парламенттик ассамблеясынын кароосуна коюлган докладда бул республикадагы референдумду бир кыйла кийинки мөөнөткө калтыруу сунуш кылынган. Докладды жакында эле Түндүк Кавказда болуп кайткан лорд Жадд жана анын жардамчылары даярдашкан.
Россиялык депутаттардын делегация башчысы Дмитрий Рогозин эгер аталган сунуш ассамблеяда колдоо тапса, анда Москвага чечен проблемасын ПАСЕнин катышуусуз чечкенге туура келет деп эскертти. Эл аралык укук коргоочу эң ири абройлуу уюмдар Чеченстанда адам укуктары массалык түрдө бузулуп жаткандыгын эске салышууда. ООНдун Москвадагы өкүлчүлүгү жарыя кылган маалыматтар боюнча, Ингушетияда ушу тапта 103 миңдей чечен качкындары лагерлерде, тууган-туушкандарында жана көрүнгөндүн колунда баш калкалап жүрүшөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG