Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

Багдаддагы режимди алеки саатта алмаштыра салганга болбойт


Бул тууралуу Грециянын тышкы иштер министри Георги Папандреу билдирди. Ушу тушта Евросоюзга төрагалык кылып жаткан Грециянын министри Багдадагы режимди капыл-тапыл алмаштыра салганда кошумча толгон-токой проблемалар пайда болорун белгиледи. Евросоюз Кошмо Штаттарындай эле Ирактагы бийликти диктатордук режим деп эсептейт, бирок аны күчкө салып кулатканда, мунун арты ислам фундаментализмин жандантып жибериши мүмкүн деп кооптонот. Грек министри ошону менен бирге Иракка байланыштуу ООНдун коопсуздук кеңешинде кошумча маалыматтарды жарыялоону чечкен Вашингтондун кадамын толук кубаттады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG