Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАШТАР УЮМДАРЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУНА КАРАТА ПИКИРЛЕРИН БИЛДИРИШҮҮДӨ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан жаштары өлкөнүн Башмыйзамына өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумга сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоого кандай катышты?

Өлкөдөгү ондогон жаштар уюмдары саясий жараяндардан, мамлекет үчүн олуттуу маселелерди талкуулоодон четте калбай келгендиги белгилүү. Референдумга сунушталган Конституциянын долбоорун талкуулоого да жаштар коомдун активдүү бөлүгү катары катышуу аракетинде. Республикадагы бир катар жаштар уюмдары Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талкуулоо учурунда тегерек үстөл жыйындарын, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө катышышты. Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Туризм, спорт жана жаштар комитетинин жаштар маселеси боюнча департаментинин башчысы Калыс Токтосунов белгилегендей, Конституциянын долбоорун талкуулоого жаштар жигердүү катышууга аракет жасашты:

- Толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизиле турган Конституция боюнча биздин жаштар, келечек муун жашайт. Бүгүнкү күндө жаштар арасында референдумга байланыштуу абдан кызуу талкуу жүрүп жатат. Өзгөчө областтарда, ар бир район, айыл өкмөттө жаштар комитеттери түзүлгөн. Алар жер-жерлерде Конституциянын жаңы редакциясы боюнча талкуу өткөрүшүүдө. Жаштар өздөрүнүн ой-пикирин, кошумчаларын бизге, комитетке жөнөтүп турушат. Биз болсо аларды өкмөткө, Конституция боюнча комиссияга өткөрүп бердик.

Бирок, айрым жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн пикири боюнча, Эксперттик топ тарабынан түзүлүп, жалпы элдик талкууга сунушталган Конституциянын долбоорун талкуулоого кыска гана мөөнөт берилгендигине байланыштуу, жаштар, дегеле жалпы эл кабардар болбой кала берди. Республикалык «Жаш ордо» демилге борборунун төрагасы Шамил Шаршек уулу буга байланыштуу мындай дейт:

- Биз жаштар менен көп кездешип, сүйлөшүп жатабыз. Региондордогу эмес, Бишкектеги жаштардын да көпчүлүгү Конституцияга кандай өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгы, алардын мааниси эмнеде, бул өзгөртүүлөр эл үчүн, жаштар үчүн эмне алып келе тургандыгы жөнүндө түшүнүктөрү жок. Социологиялык иликтөөлөр да, калктын негизги бөлүгү референдумга коюлган маселелер боюнча талкууга катышпай калгандыгын жана референдумдун өткөрүлүшүнө каршы экендигин көрсөтүп жатат.

Республикадагы бир катар жаштар уюмдары референдумга сунушталган маселелерди колдоп чыгышса, айрымдары тескерисинче, референдум өтө кыска мөөнөттө жана шашылыш түрдө өткөрүлүп жаткандыгын, Эксперттик топ тарабынан даярдалган Конституциянын акыркы вариантына да толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик талкуу учурунда жаштар да өздөрүнүн бир топ сунуштарын Конституциялык Сотко, андан соң президентке жолдошту. Алсак, алар Конституциянын долбооруна парламенттин 50 пайыз депутаттарынын партиялык тизме боюнча шайланышы жөнүңдө кошумча жобону киргизүүнү сунуш кылышкан. Алар ошондой эле митинг, пикет, демонстрацияларды өткөрүү үчүн жергиликтүү аткаруу бийлигине алдын-ала маалымат берилиши тууралуу, өлүм жазасы жөнүндөгү, ошондой эле экс-президенттин кылмыш ишине тартылбашы жана президент менен анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекет бюджетинин эсебинен каржыланышы тууралуу жоболорду алып салуу сыяктуу сунуштар менен чыгышкан. Бирок, жаштардын бул сунуштары эске алынган жок.

Өлкөдөгү бир катар жаштар уюмдарынын, алардын ичинде «Жаш Ордо», «Жаңы Кыргызстан», «Биздин кылым», «Келечек» өңдүү уюмдардын президент Аскар Акаевге жана Кыргызстан элине жолдогон соңку билдирүүсүндө да, Эксперттик топ тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы жөнүндөгү» мыйзам долбоору менен эл жалпысынан тиешелүү түрдө танышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калгандыгы, референдумду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруунун зарылдыгы тууралуу айтылат.

Ал эми айрым жаштар уюмдары Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын акыркы редакциясын толугу менен колдошууда. Чүй областынын «Жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин башчысы Айбек Жунушалиев буга байланыштуу мындай дейт:

- Президенттин атайын жардыгы менен түзүлгөн Эксперттик топ деле юридикалык билими, тажрыйбасы бар адистерден түзүлдү. Мен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолорду толук колдойм. Жалпы элдик талкуу учурунда элден 12 миңге жакын сунуш түштү. Алардын көпчүлүгү эске алынды деп ойлойм. Референдумду колдош керек. «Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү» деген ураанды ишке ашырыш үчүн да, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши керек.

Ал эми жаштар маселеси боюнча департаменттин башчысы Калыс Токтосунов жалпысынан референдумдун өткөрүлүшүнүн зарылдыгы тууралуу мындай дейт:

- Референдумду өткөрүүнүн мааниси өтө чоң. Эгемен Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандан бери, өлкөдө олуттуу саясий, коомдук өзгөрүүлөр орун алды. Ошого байланыштуу Башмыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр, кошумчалар туура жана негиздүү деп эсептейм.

Учурда бир катар жаштар уюмдары референдумдун өткөрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүш үчүн көз карандысыз байкоочуларын даярдашууда.

XS
SM
MD
LG