Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Референдум алдында президент А. Акаев айрым пенсионерлердин пенсияларын көбөйтүп, өлкөнүн 2003-жылдагы бюджети тууралуу мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев шейшемби күнү республикадагы пенсиянын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу жардыкка кол койду. Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып республикадагы Улуу Ата Мекендик жана Баткен согуштарынын, ошондой эле Чернобыл кырсыгына катышкандардын буга чейинки алган пенсияларына дагы 300 сом кошулат. Бул тууралуу шаршемби күнү Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова билдирди. Анын айтымына караганда, учурда республика боюнча мындай кошумча акча алгандардын саны 13 миң адамга жетет жана ага жылына 50 миллион сом талап кылынат. Президент Аскар Акаев 2002-жылдын 25-декабрында кыргыз мамлекеттик телеканалындагы түз эфир учурунда, 2003-жылдын 1-апрелинен баштап пенсионерлердин пенсиясынын өлчөмү 15 % жогорулатылаарын маалымдаган.
Мындан тышкары, Президент А. Акаев «2003-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджети тууралуу» мыйзамга кол койду. Ага ылайык улуттук бюджеттин киреше бөлүгү 13 миллиард 844 миллион сом, ал эми чыгашасы 13 миллиард 968 миллион сом, бюджет таңсыктыгы 124 миллион сом өлчөмүндө белгиленди. Бул тууралуу шаршемби күнү президенттин маалымат кызматы кабарлады. Республикалык бюджет Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан 2002-жылдын 4-декабрында кабыл алынып, 27-декабрда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жактырылган.

XS
SM
MD
LG