Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

«Эркиндик» партиясынын башчысы Кыргызстандын аткаруу бийлигин күнөөлөдү


БИШКЕК. «Кыргызстандын Шайлоо кодексинде жана «Референдум тууралуу» мыйзамында шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынган. Ага карабай аткаруу бийлик өкүлдөрү референдум алдында ар кандай мыйзамсыз жолдор менен шайлоочулардын добушун топтоого аракет жасоодо». Учурда Жалалабад областынын Аксы районунда жүргөн Элдик референдумга көзөмөл жүргүзүү боюнча коомдук штабдын мүчөсү, «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев «Азаттыктын» кабарчысына ушундай деп билдирди. Анын айтымында, 29-январда Жалалабад областынын губернатору Жусупбек Шарипов, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри Александр Костюк баш болгон бийлик өкүлдөрү Аксы районунун эли менен жолугушуп, көп жылдар бою чечилбей келген, Кербен айлына таза суу чыгаруу маселесин жакын арада чечүүнү убада кылып, карапайым жарандарды элдик референдумга активдүү катышууга үндөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG