Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Каракол шаарындагы жаштар уюмунун мүчөлөрү референдумда добуш бербей тургандыгын айтышууда


КАРАКОЛ. Каракол шаарындагы «Ысыккөл эркин жаштары» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жалпы элдик референдумда добуш бербей тургандыктарын билдиришти. Коомдук бирикменин төрагасы Сүйүн Султаналиевдин 29-январда айтканына караганда, «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзамдын долбоору менен аталган уюмдун бардык мүчөлөрү таанышып чыгышты. «2-февралга белгиленген жалпы элдик референдум баары бир өтөт, анткени учурда бардык бийлик структуралары күнү-түнү тынымсыз иштеп жатышат. Бирок, Башмыйзамдын долбооруна көп саясий оюндар көмүскө катылып тургансыйт. Ошондуктан жалпы элдик референдумда, аталган коомдук уюмдун бардык мүчөлөрү 2005-жылга чейин Аскар Акаевдин президенттик ыйгарым укуктарын колдоодон жана экс-президенттин кол тийбестигин жактап добуш берүүдөн баш тарттык», - дейт Сүйүн Султаналиев.

XS
SM
MD
LG