Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

КЫТАЙ УЙГУР ЖИКЧИЛЕРИНИН ТАМЫРЫН КЫРККЫСЫ КЕЛЕТ


Кытай бийлиги эл аралык террорчулукка каршы күрөшкө жандуу катышууга даярдыгын билдирип келет. Бирок анын террорчулукка каршы аракетинин негизги мүдөөлөрүнүн бири – Шинжаңдагы тынч жол менен өз эгемендиги үчүн күрөшкүсү келгендердин да тамырын кыркуу.

Кытай өкмөтү 2001-жылы Ооганстандагы талиптердин режиминин ойрон болушуна чындап эле сүйүндү. Анткени талиптердин тушунда уйгур жикчилеринин белгисиз сандагы өкүлдөрү Ооганстанда “ал-кайидачылар” түзгөн ал-Бадр, Салман Фарси Гхунд жана 9-кошуун деп аталган машыктыруу жайларында атайын машыгуудан өтүшкөн. Аларга исламдын негизги жоболору гана окутулуп чектелбестен, курал-жарактын ар кыл түрлөрүн колдонуу ыкмалары боюнча да сабактар өтүлүп, террордук иш-аракет жүргүзүүнүн айла-амалдары үйрөтүлгөн. Бул жоочулардын айрымдары чек арадан кайра Шинжаң Уйгур автоном районуна өтүп келишкен.

“Jane’s Islamic Affairs Analyst” басылмасынын февралдын башында жарыялана турган жаңы иликтөөсү Кытайдын уйгур жикчилерине карата саясатын ар тараптуу талдоого алат. Анда кытай-ооган чек арасы 76 чакырымдан тураары, бул чек ара аркылуу Ооганстандан өтүп келген жоочулар Кашкар аймагындагы эркин Чыгыш Түркстан идеясын жактоочу калайыкка туш болоору айтылат.
Кытай чалгынчыларынын маалыматына караганда, 1997-жылы саудиялык атуул жана теги боюнча уйгур Мухаммадамин Туркистани Өзбекстан Исламдык кыймылынын жетекчиси Тахир Йулдашка 260 миң доллар каражатты курал-жарак сатып алуу үчүн берген жана куралдын жарымы уйгур жикчилерине тапшырылууга тийиш болгон. Бээжиндин оюнча, 1998-жылы май жана июнь айларында Кыргызстандын Ош аймагында жасалган терракттар үчүн дал ушул каражат пайдаланылган. Кийинчерээк бул окуяларга байланыштуу камакка алынган кишилердин үчөө - кытайлык, экөө - түркиялык жана казакстандык атуулдар болуп чыкты.

Кытай бийлиги Кыргызстан менен чек ара келишимин уйгур жикчилерине каршы ачык жана тымызын күрөш шартында түздү. Кыргыз оппозициясы кескин сынга алган бул келишимди расмий Бишкек да, расмий Бээжин да эки тараптын таламына төп деп баалашат.

Британиядагы Оксфорд университетинин окутуучусу, кытай таануучу Рана Миттер (Rana Mitter) мырза расмий Бээжиндин Шинжаңдагы чек ара маселеси боюнча өзгөчө тынчсыздануусун мындайча түшүндүрөт:

- Кытайдын батыш чек ара аймагы жаатында кабатырланышынын башкы себеби – Батыш Кытайдагы Шинжаң аймагында өлкө бийликтери “мусулман козголоңу” катары баалаган окуялардын ханзу бийлигине шек келтирип жатышы. Демек, Кытай үчүн батыштагы чектеш коңшулары менен бирге кубаттуу коопсуздук пайдубалын иш жүзүндө калыптандыруу өзгөчө мааниге ээ.

Кашкар аймагынын эркиндиги үчүн күрөш – Цин сулалеси Чыгыш Түркстанды басып алган учурдан - он сегизинчи кылымдын 60-жылдарынан бери жүрүп келет. Боштондук кыймылына катышкандардын арасында – он тогузунчу кылымдын башында чоңбагыш уруусунан чыккан Суранчы Баатыр, жыйырманчы кылымдын 40-жылдары – Искак Монуй уулу сыяктуу айтылуу кыргыз саясатчылары да болгон.

Эми болсо Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөр, анын ичинде Орусия менен Кытай, террорчулукка каршы чордондун аймактык бөлүмүн жайгаштыруу камылгаларын көрүүдө. Орусия чыгыш коңшуларын Чеченстан жаатында өзүнө шерик кылгысы келсе, Кытай болсо соңку эл аралык расмий документтерде “Шинжаң” сөзүнүн ордуна Орусияга жаккан “Чыгыш Түркстан” деген сөздү колдонууга да кайыл, иши кылып, пост-советтик коңшуларынын колу менен да уйгур жикчилерине каршы тосмо курууга ынтызар.

Албетте, Бээжин өз тарабынан да коопсуздук чараларын ырааттуу жүзөгө ашырып, Ички Кытайдан Ооганстан тараптагы чек арасына улам жаңы аскер бөлүктөрүн которууда. Гонконг булактарынын маалымдашынча, 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки мезгилде Кытай элдик боштондукка чыгаруу армиясынын мотордошкон 4-дивизиясы жана аскердик полициянын 11-дивизиясы Чыгыш Түркстанга кошумча жайгаштырылды. 2002-жылдын март айында Бээжин кабыл алган терророчулукка каршы мыйзам да өкмөттүн жикчилерге каршы күрөшүн жеңилдетүүгө багытталган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары болсо дүйнө коомчулугун террорчулар менен уйгур укук коргоочуларын жана Чыгыш Түркстан аймагындагы тынч, байистүү жол менен улуттук эгемендикке жетүүгө умтулган кыймылдын өкүлдөрүн чаташтырбоого чакырууда.
XS
SM
MD
LG