Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Сеул Пхеньянга кандайдыр бир санкцияларды жарыялоого караманча каршы


Бул тууралуу бүгүн Түштүк Кореянын президенти Но Ху Мен япониялык телеканалга берген интервьюсунда билдирди. Күчкө салуу ыкмасы Түндүк Кореянын атомдук программасына байланышкан кризисти жөнгө салганга таптакыр жардамдаша албайт, деп айтты Но Ху Мен. Түштүк Кореянын жаңы президенти ошону менен бирге Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирди Сеулга чакырды, эгер келе албаса, аны менен кайсы жерде болбосун жолугушуп, сүйлөшкөнгө даяр экенин ырастады. Европа парламенти бүгүн кабыл алган резолюциясында Түндүк Кореяны атомдук программасын токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG