Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:56

Европа парламенти Иракка согуш ачууну колдобойт


Бүгүнкү жыйында кабыл алынган резолюцияда Европарламент Кошмо Штаттарын Иракка каршы бир тараптуу аскерий акциялардан баш тартканга чакырды. Ирак проблемасын Европарламент жайчылык жолдор менен чечүү зарыл деп эсептейт. Ошол эле учурда Ирак ООНдун инспекторлору менен тыгыз кызматташууга, куралсыздануу боюнча эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмесин кынтыксыз аткарууга тийиш, деп көрсөтүлөт резолюцияда. Ушул эле күнү Еврокомиссиянын өкүлү билдирүү жасап, Кошмо Штаттарынын Багдадга байланышкан позициясына колдоо билдирген европалык сегиз өлкөнүн көз карашын алардын жекече пикири экенин ырастады. Еврокомиссия Ирак проблемасын чечүүдө ООНдун инспекторлорун колдойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG