Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Кошмо Штаттары Кыргызстандагы референдумга катуу камтамачылыгын билдирди


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер алдыдагы жекшембиде референдумга коюлуп жаткан конституциялык өзгөртүүлөр коомчулукта жетерлик өлчөмдө талкууланбай калгандыгын белгиледи. Кыргызстанда жүрүп жаткан конституциялык реформалардын процесси Кошмо Штаттардын камтамачылыгын күчөтө баштады, деп айтты Баучер. Кыргыз президенти Аскар Акаев референдум парламентти кошумча бийлик укуктары менен камсыз кылат деп айткан эле. Бирок Баучер ушул айдын башталышында жарыяланган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбооруна шилтеме жасап, анда саясий көз караштардын кеңири спектри эсепке алынбагандыгын бөлүп көрсөттү. А чындыгында, деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү, референдум президенттин бийлигин дагы күчөткөнгө жана граждандык коомдун ролун алсыратканга алып келет.

XS
SM
MD
LG