Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:49

Талас областында референдум өткөрүү боюнча штаб мүчөлөрү акыркы отурумга чогулушту


ТАЛАС. 30-январь күнү референдум өткөрүү боюнча областтык штабдын соңку отуруму өттү. Ага Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Равшан Жээнбеков баш болгон республикалык деңгээлдеги жооптуу кызматкерлер катышты. Отурумда референдумду өткөрүүдө техникалык жана уюштуруу маселелеринде орчундуу проблема жок экендиги белгиленди.
Кооптуу жагдай катары ар бир айылдагы аттуу-баштуу, ачык айтып, түз сүйлөгөн жарандар жана үгүт иштерин жүргүзүп жаткан коммунисттер аталууда. Феликс Куловдун партиялаштары да өзгөчө көзөмөлдө турат. Референдум күнү добуш берүүгө жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын 200дөн ашуун байкоочуларынан тышкары АКШнын демократиялык институтунан да 10 өкүл байкоо жүргүзөөрү маалым болду.

XS
SM
MD
LG