Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:52

Айрым жогорку бийлик өкүлдөрү Өзгөн жана Каракулжа райондорунун элин референдумду колдоого чакырышты


ОШ. Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтү менен Каракулжа районунун Кашкажол айыл өкмөтүнө караштуу 450 гектар жерди сугаруу максатында курулган «Акторпок» каналынын ачылыш салтанаты болду. Ага биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Ош областынын губернатору Накен Касиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Өз сөздөрүндө алар «Акторпок» каналынын социалдык-экономикалык акыбалды жакшыртууга кошкон салымын белгилешти. Эң негизгиси - алар элди алдыдагы референдумду колдоого чакырды. Референдумга карата алганда Өзгөн, Каракулжа райондору областтагы эң татаал аймак катары саналууда. Бул аймакта Жогорку Кеңешке депутаттыкка күз айларындагы шайлоо учурунда шайлоочулардын айрым бөлүгү талапкер Үсөн Сыдыковду жактап, массалык нааразылыктарды уюштурушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG