Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буштун пикиринде, Иракка каршы согуш баштоо, же баштабоо маселеси бир нече аптанын ичинде чечилет. Анын айтымында, кандай болгондо да, 14-февралдан кийин эл аралык текшерүүчүлөр Ирактагы иштерин токтотот. АКШ коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Ирактын айланасында топтолуп жаткан америкалык аскерлер февралдын орто ченинде, эң кеч дегенде март айынын башына чейин толук даярдыкка келет.

Ирак проблемасы боюнча АКШны колдогон Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр 31-январь күнү Вашингтонго келди. Президент Жорж Буш менен Блэр ортосундагы сүйлөшүүлөр негизинен Ирак жөнүндө болууга тийиш. Акыркы күндөрдө Буш бир нече чет өлкөлүк жетекчи менен жолугуп, Ирак маселесин талкуулады жана келерки бир-эки аптада андай сүйлөшүүлөр дагы көп боло тургандай. Ирактын аскерий өндүрүшү тууралуу америкалык чалгындоо кызматтары тапкан жаңы маалыматтарды болсо, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине 5-февралда тартуулайт.

27-январда биринчи отчет берген эл аралык текшерүүчүлөр болсо, Ирактагы инспекциянын жыйынтыктары тууралуу Коопсуздук Кеңешине 14-февралда экинчи маалымат берүүгө тийиш. Анткен менен, текшерүүчүлөрдүн отчету кандай болоорун күтпөстөн жана чет өлкөлүк жетекчилер менен жолугушуулар кандай аяктаарына да карабастан, президент Буш Иракка каршы аскерий даярдыктарды мурдагыдай эле көрүүдө жана өз турумун өзгөртпөгөнүн билдирүүдө.

30-январда Вашингтон шаарында Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони менен жолукканда, Буш ал тууралуу дагы бир жолу кайталады: "Саддам Хусейнге карата мамиле кандай болсо да, Иракты куралсыздандыруу максаты мурдагы бойдон калууда. Бул маселе - Иракты ким башкарганы менен да байланыштуу эмес жана аны Ирак эли билип алганы жакшы".

Буш менен жолукканда, Берлускони ага сегиз европалык мамлекеттин жетекчилери кол койгон кат тапшырды. Анда Дания, Испания, Италия, Мажарстан, Польша, Португалия, Улуу Британия менен Чехиянын жетекчилери АКШнын Ирак боюнча турумуна колдоо көрсөтөт жана бул маселе боюнча Европа бирдиктүү болууга тийиш деп айтылат. Анткен менен, Европа Биримдигине азыр төрагалык кылган Грекия өкмөтүнүн айтымында, бул кат жөнүндө аларды эч ким алдын ала кабардар кылган эмес жана мындай каттар Европанын бирдиктүү болушуна салым кошпойт. Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер болсо, 30-январда "ЦДФ" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, Европа Биримдигине азыр сегиз эмес, 15 мамлекет мүчө экендигин эскертти.

Президент Буш менен 30-январда Вашингтондо жолукканда, Пакистандын тышкы иштер министри Хуршид Касури андан Иракка каршы күч колдонуунун алдында Бириккен Улуттардын уруксатын алууну суранды. Ошол эле күнү Пауэлл менен жолуккан Канаданын тышкы иштер министри Билл Грехем дагы Бириккен Улуттардын чечимисиз согуш баштоо опурталдуу нерсе экенин эскертти. Түштүк Африканын мурдагы президенти Нельсон Мандела Бушту текебер саясатчы деп атады, анткени ал Бириккен Улуттарга баш ийбей иш жүргүзүүгө аракеттенүүдө.

Президент Буштун саясаты АКШнын өзүндө да сынга алынууда. Сенатор Жозеф Байдендин айтымында, Буштун Ирак саясаты Америка Кошмо Штаттарын дүйнөлүк коомчулуктун көзүндө ковбойлордун бандасына айлантууда. Сенатор Линкольн Чейфинин пикиринде болсо, эл аралык коомчулуктун акыркы аракеттеринин натыйжасында Ирак маселеси бир кыйла жумшарды, ошондуктан азыр ага каршы согуш баштоонун зарылчылыгы жок.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн ичинен АКШнын Ирак боюнча турумуна азыр Болгария, Испания жана Улуу Британия гана колдоо көрсөтүүдө, жана БУУ эксперттеринин айтымында, бул жагдай Пауэллдин 5-февралдагы билдирүүсүнөн кийин деле өтө өзгөрүп кетпейт, анткени анын орчундуу жаңы маалымат берээри да күмөн. Кеңештин беш туруктуу мүчөсүнүн үчөө - Кытай, Орусия жана Франция болсо инспекторлорго дагы кошумча убакыт берилиш керек деген пикирде.
XS
SM
MD
LG