Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

АДАХАМ МАДУМАРОВ: «АКАЕВДЕН БААРЫН КҮТСӨ БОЛОТ»


Кыргызстандын Башмыйзамынын 2-февралда өтүүчү элдик референдумга коюлган жаңы редакциясынын айланасындагы талаш-тартыш узакка созулчудай. Кыргыз расмий бийлиги референдумдан кийин Башмыйзамга адам укугу жана бийлик катышы тууралуу дагы өзгөрүүлөрдү киргизүү ниетинде экендигин АКШнын мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы ырастады. Референдумга коюлган Башмыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу пикирин парламент депутаты Адахам Мадумаров билдирет.

- Адахам мырза, кесиптештериңиздин айрымдары референдум алдында элге кетишинин жөн-жайын, анан да Конституциянын жаңы редакциясына кийин кошулган өзгөрүүлөр жөнүндө пикириңизди айта кетсеңиз.

- Мыйзам чыгаруу жыйынынын өкмөтчүл депутаттары ишин таштап элге үгүт жүргүзүүгө кетишкенин негедир байкамаксанга салышууда. Ушу тапта министрликтердин жетекчилерин табыш кыйын, баары туулган жерлерине үгүт жүргүзгөнү кетишкен. Референдум тууралуу башкача пикирдеги депутаттарга антип барууга болбойт экен. Ушу тапта бийликтин жалпы элдик колдоо деп атканына түшүнбөй турам. А эгер чын эле жалпы эл колдоп атса Абсамат Масалиев, Алишер Абдимомунов, Ишенбай Кадырбеков, Исмаил Исаков, Адахам Мадумаровго мамлекеттик маалымдоо каражаттарынан пикирин айтууга эмнеге мүмкүнчүлүк беришпейт? Анан болбой эле “эл колдоп атат” деп айтышууда. Эгер беш-алты депутат элди буруп ийет деп чочулап атса - анда мамлекеттик катчы баш болгон идеологиялык аппарат чабал.

- Калк арасында, айрыкча оппозиция ичинде “Конституциянын жаңы редакциясы экс-президентке кол тийбестик укугун бериш үчүн гана жазылган” деген пикир көп айтылат. Сиздин оюңузча, президент кызматтан кеткенден кийин ага кол тийбестик укугун берүү туурабы?

- Мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Президент кызматтан кеткенден кийин анын үйү, машинасы, телефону, үй-бүлөсү, багуусундагы адамдары, архиви – баарына колтийбестик укугунун берилиши туура эмес. Биз Конституциялык Кеңешмеде кызматтан кеткен президент конституциялык мыйзамдын негизинде каржыланышы керектигин белгилегенбиз. Бирок, президент ага макул болбой өзгөртүүнү конституциялык норма катары киргизип салбадыбы. Абсолюттук колтийбестик болбош керек. Анан мамлекеттик архив жөнүндө эки ооз сөз айта кетейин. Президент кезинде жасаган жана жасабай койгон иштери тарыхта «актай» калабы? Экс-президент эч кандай администрациялык, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, деп жазылды. Пенде болгон соң катачылык кетпей койбойт. Ошол катачылыктар «дүйнөдөгү эң калыс сот» деп макталып аткан кыргыз сотунда аныкталышы керек го акыры. Кийинки 3 өзгөрүү тууралуу айта кетейин. Саясатчы катары президент бул жерде ийкемдүлүгүн көрсөттү. Бирок, анын артында жашырын калган жерлер деле арбын.

- Кыргызстанда референдум өткөрүү көнүмүшкө айланып баратат. Мына, 9 жыл ичинде төртүнчү референдум өткөнү турат. Референдумдан кийинки абал кандай болушу ыктымал деген ойдосуз?

- Бул референдум өткөндөн кийин өлкөдөгү саясий абал кыйла курчуп кетиши мүмкүн. Президент: «Мени Кыргызстан калкынын 70% ашууну колдойт» деп атпайбы. Бул Борбордук шайлоо комиссиясына «референдумда калктын 70% кем эмес колдоосун камсыз кыл» деген көрсөтмө. Кыргызстан эли азыр мурдагыдай эмес, өз укугун, милдетин жакшы билип калган. Бизде 8 райондун шайлоочулары референдумду колдобойт деген маалымат бар. Атап айтканда, Өзгөн, Каракулжа, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы, Алабука, Чаткал, булар эле эмес, Көлдүн, Чүйдүн, Таластын айрым райондорунда элдин көпчүлүгү референдумга келбейт деген кеп айтылууда. Алар катышпаса деле бийлик мурдагы көнүмүшүнө салып, «мынча эл келди, анын баланчасы добуш берди, колдоду» деп жарыяласа көпчүлүк каршы чыгышы ыктымал. Ушундай коркунуч бар.

- Референдумга коюлган экинчи суроо тууралуу кандай ойдосуз? Президенттин ыйгарым мөөнөтү сакталаары 1-суроодо так жазылып турат. Ага карабастан, аны 2-суроо катары алып чыгыштын артында кандай максат бар? Анча болду, 1-суроодогу президенттин ыйгарым укугун алып, 2-суроого өзүнчө бөлүп коюш туура болор беле?

- Бул суроону бергендер көп болууда. Биз менен жолугушкан чет элдик делегация өкүлдөрү да ушул маселеге кызыгышты. Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу референдумга коюлуп аткан мыйзам долбоорунун 2-бөлүгүндө бийликтин бардык бутактарында шайланган, дайындалган өкүлдөр мыйзамдуу мөөнөтү түгөнгөнчө жаңы Конституцияга ылайык иштей бере тургандыктары жазылган. Ошол санактын эң башында президент ыйгарым укук мөөнөтү бүткөнчө кызматында тураары белгиленген. Ага болбой президент өзүнчө суроо коюп атканы эл менен кеңешүү максатында чыгып жаткан болуу керек. Бул суроо укуктук мааниге ээ эмес. Бул суроо референдумдан өткөндөн кийин президент бийликтин башка бутактарындагыларды легитимдүү эмес деп айтып чыгышына шарт түзүшү, аларды мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиришине мүмкүндүк бериши мүмкүн. Ушуга улай айта кетүүчү дагы бир сөз. Экинчи суроо «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынан улам чыккан да болуу керек. Референдумда Акаев калктан 75% ашуун колдоо тапса, аны кетириш үчүн түзүлгөн кыймылды мыйзамсыз деп аташына да мүмкүнчүлүк бериши мүмкүн. «Президент калктын 75% колдоосуна ээ болду» деген шылтоосу даяр. А эң негизиси, бул суроо Акаевге 2005-жылга чейин толук иштөөгө мүмкүндүк берет. Кийин президент жаңы Конституция боюнча элден макулдук сураганын, эл аны колдогонун айтып, 2005-жылы жаңы Башмыйзам боюнча иштөөгө даяр экенин билдириши мүмкүн. Акаевден баарын күтсө болот.
XS
SM
MD
LG