Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ооганстандагы жардыруудан 18 киши курман болду


Өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарынын чет жакасында чоң көпүрө жардырылып, анын үстүндө автобуста бараткан 18 киши набыт болду. Кандагардын полиция башчысынын орун басары Устад Назир Жан жардыруу көпүрөгө тушташ орун алган ооган армиясынын кайгуул жайын жок кылууну көздөгөн деп эсептейт. Мындан эки айча мурун Кандагарда автожолго коюлган бомбага жарылган жүк ташуучу машинеде дагы бир нече ооган аскери курман болушкан.

XS
SM
MD
LG