Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

ДИНИЙ ТАРТИП ООГАНСТАНДА ДАГЫ ЭЛЕ КҮЧТҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын октябрында Ооганстандагы талибдердин бийлиги жок кылынып, жаңы убактылуу өкмөт түзүлгөн менен, өлкөдөгү башаламандык аяктай элек. Өлкөнүн жаңы конституциясын жазып чыгуу үчүн түзүлгөн үч уюмдун ортосунда дагы жетиштүү деңгээлдеги кызматташуу жок.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин даярдалууга тийиш болгон Ооганстандын жаңы конституциясын түзүүгө үч уюм катышат, алар - Конституциялык комиссия, Укуктук комиссия жана Адам укуктары боюнча комиссия. Бирок байкоочулардын айтымында, бул уюмдар кантип иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат дээрлик жок жана эки биринчи комиссиянын мүчөлөрү ортосунда ачык араздашуу да бар экени белгилүү. Адам укуктар комиссиясынын болсо, коомдук турмушка болгон таасири өтө төмөн жана аны берки эки комиссия көңүлүнө да албайт.

Ошол эле учурда, диний консерваторлордун өкмөттүк түзүлүштөргө болгон таасири дагы эле күчтүү жана алар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу өлкөнүн жаңы конституциясына диний эрежелерди киргизүү үчүн күрөшүүдө. Өлкөдөгү эң таасирлүү эки диний партия - "Жамият-и-Исламия" жана "Итихад-и-Исламия" партияларынын мүчөлөрү аталган комиссиялардын курамына дагы, өкмөткө да кирет.

Биринчи партияны Ооганстандын мурдагы президенти Бурхануддин Раббани жетектейт, жана бул партияга - убактылуу өкмөттү башкарган Хамид Карзайдын орун басары Мохаммед Фахим менен өлкөнүн түндүк аймактарын көзөмөлдөгөн Атта Мохаммед мүчө. "Итихад-и-Исламия" партиясын Абдул Расул Саяф жетектейт жана бул партияга өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Мавлави Фазл Хади Шинвари кирет.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман Райтс Вотч" уюмунун эксперти Жон Шифтондун айтымында, өлкөдөгү реформаларга дал ушу диний партиялардын аракеттери бөгөт болууда:

- Ислам фундаменталисттери Ооганстанда азыр - билим берүү же конституция түзүү жараяны боюнча жөн гана өз пикирин билдирбестен, алар жогорку саясатка катышып, өлкөнүн саясий түзүлүштөрүн өз көзөмөл алдына алууга аракеттенүүдө. Бул абдан коркунучтуу. Көп улуттуу, көп тилдүү, көп диндүү Ооганстан, биздин оюбузча, теократиялык мамлекетке айланбаш керек.

Брюссел шаарында жайгашкан Кризис жагдайларын жөндөө боюнча эл аралык топ болсо, жакында атайын билдирүү жасап, Ооганстандагы абалды жөнгө салуу үчүн Жогорку соттун төрагасы Шинвари кызматынан кетиш керек деген сунуш айтып чыкты. Сот жакында жарандардын укуктарын чектеген бир нече бүтүм чыгарган. 2001-жылдын декабрында жаңы түзүлгөндө, Жогорку сотко тогуз адам мүчө болчу, бирок андан бери Шинвари соттордун санын 137ге жеткирди жана алардын көпчүлүгү диниятчылар. Брюссел эксперттеринин айтымында, Жогорку соттун 137 мүчөсүнүн 36сынын гана адис экендиги тууралуу маалымат бар жана бир дагы сот диний эмес укук боюнча адис эмес.

Ооганстандагы абал, андан тышкары, жергиликтүү жетекчилердин өтө күчтүү болуп, Кабулдагы өкмөткө алар кээде баш ийбегени менен дагы татаалданууда. Мисал үчүн, Кандагар провинциясынын азыркы акими Гүл Ага Шерзай мурда талибдерге жардам берген. Өлкөнүн батыш аймактарын башкарган Исмаил Хандын дагы диний консерватор экендиги белгилүү. Нангархар провинциясынын акими Дин Мохаммеддин устаты Юнус Халис дагы эмгиче таасирдүү. Юнус Халис болсо өз кезегинде "Аль-Каида" уюмунун террорчуларын Ооганстанда жайгаштырууга катышкан жана анын жардамчыларынын бири өлкөгө Усама бин Ладенди чакырган.

Акыркы мезгилде Ооганстанда Гүлбеддин Хекматиардын тобу да жигердүү аракеттене баштады. Бир кезде советтик баскынчылыкка каршы күрөшүп, АКШдан эң ири аскерий жардам алган Хекматиар талибдер учурунда Иранда жашынган, бирок акыркы мезгилде Ооганстанга кайтып келип, америкалык баскынчылыкка каршы согушууда. Андан тышкары, талибдердин башчысы Молдо Омар дагы алигиче Ооган-Пакистан чек арасында жашынып жүргөнүн унутпаш керек.

XS
SM
MD
LG