Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

ТАСИС программасынын Борбордук Азиядагы координаторлору Бишкекке чогулушту


БИШКЕК. 31-январда Бишкекте Европа Биримдигинин ТАСИС программасынын Борбордук Азия боюнча координаторлорунун бир күндүк семинары болду. Бул тууралуу ушул эле күнү ТАСИСтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Жолугушуу демилгесин Кыргызстан тарап былтыр ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын координаторлорунун Брюсселдеги жолугушуусунда көтөргөн. Борбордук Азия менен Еврокомиссиянын кызматташтыгынын жаңы багыттарын талдаган бул талкууда жаңы стратегиянын милдеттери катары Борбордук Азия мамлекеттериндеги стабилдүүлүк, коопсуздук жана жакырчылыкты кыскартуу маселелери аталды. Бул өңүттө чыр-чатактардын чыгышына бөгөт коюу, социалдык-саясий чыңалуунун себептерин жоюу жана соода-инвестициялык климатты жакшыртуу максаты коюлат. Аталган семинарга Еврокомиссиянын Алматыдан жана Брююселден келишкен адистери жана ТАСИСтин Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Пер Эклунд катышты.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG