Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:21

Бишкекте Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси ачылды


БИШКЕК. 31-январда Бишкекте Омбудсман институтутунун кеңсеси ачылды. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдин Идил, бир катар эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Президент А. Акаев кеңсенин ачылыш салтанатында кеңири сөз сүйлөп, Акыйкатчынын өзгөчө укугу бар экенин, анын негизги милдеттеринин бири - мамлекеттик бийлик органдары тарабынан адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө экендигин белгиледи. Кыргызстандын биринчи Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Омбудсман тууралуу» мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш тарабынан өткөн жылдын этегинде шайланган. Келерки аптада анын орун басарларынын шайланышы күтүлүүдө. Мыйзамга ылайык Турсунбай Бакир уулу январдын башында үч орун басарлыкка 20дан ашык талапкерди сунуштаган. Алардын катарында депутаттар Оксана Малеваная, Турдубек Чекиев жана коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Өмүрбек Суваналиев бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG