Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Кыргызстан калкынын жарымы алдыдагы референдумга катышаары айтылууда


БИШКЕК. 2-февралда өтө турган элдик референдумга 2 миллион 500 миң адам катышаары аныкталды жана учурда дагы кошумча тактоолор жүрүп жатат. Бул тууралуу жума күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын айтымында, добуш берүү эртең мененки саат алтыдан кечки саат сегизге чейин созулат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы Өкмөт Үйүндө орнотулган автоматташтырылган телеэкрандан коомчулукка көрсөтүлүп турат. Ал эми референдумдун жыйынтыгы боюнча алдын-ала маалымат добуш берүү токтотулгандан кийин бир күндүн ичинде, толук маалымат - үч күндөн кийин белгилүү болот. Референдумга Беларус, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин элчиликтеринен жана АКШнын Улуттук демократиялык институнунан келген өкүлдөр, эл аралык массалык маалымат каражаттары - бардыгы болуп 80ге жакын эл аралык байкоочу катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG