БИШКЕК. Бишкек жана Ош шаарларынын социологиялык сурамжылоого катышкан жарандарынын 64% элдик референдумга сунушталып жаткан Конституциянын жаңы редакциясына кандай алымча-кошумчалар киргизилип жаткандыгын таптакыр билбей тургандыгын айтышкан. Муну Кыргызстандагы «М-Вектор» аттуу социологиялык агенттик жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөттү. Ошондой эле сурамжыланган жарандардын 66 % Конституцияга алымча-кошумчалардын киргизилишин колдой тургандыгын билдиришип, 63 % алдыдагы референдумга катыша тургандыгын маалымдашкан. Социологиялык сурамжылоо өткөн жумада Бишкек жана Ош шаарларынын көчөлөрүндө жүргүзүлгөн. Сурамжылоого Бишкектен 400, Оштон 200 адам тартылган.
Социологиялык иликтөө Бишкек менен Оштун айрым тургундарынын референдум боюнча ой-пикирлерин аныктады