Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү АКШнын жана ЕККУнун өлкөдөгү референдум боюнча билдирүүлөрүнө жооп кайтарышты


БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин жана бир катар эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу тынчсызданган билдирүүлөрүнө карата жума күнү Кыргызстандын бир катар жогорку бийлик өкүлдөрү өз пикирлерин айтышты. Өкмөт Үйүндө өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов: «Ар бир өлкөнүн артыкчылык берген маселеси башка өлкөлөр тарабынан урматталышы керек. Кыргызстан АКШнын артыкчылык берген маселесине сый-урмат менен мамиле жасагандай, АКШ да Кыргызстандагы болуп жаткан олуттуу маселеге түшүнүү менен мамиле жасашы керек», - деген пикирин билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев: «Референдумду биз качан, кайсы мөөнөттө өткөрүшүбүз боюнча кимдин кандай иши бар? Референдумду өткөрүүнү белгилөө көз карандысыз мамлекеттин президентинин укугу. Бул Кыргызстандын ички саясий маселеси», - деди.
30-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер жана буга чейин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Адам укуктары боюнча эл аралык лига жана башка уюмдар Кыргызстандагы элдик референдум чукул мөөнөттө белгилениши жана референдумга сунушталган Конституциянын жаңы редакциясы боюнча тынчсыздангандыктарын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG