Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ АКШнын МАМЛЕКЕТТИК ДЕПАРТАМЕНТИНИН БИЛДИРҮҮСҮНӨ ЖООП КАЙТАРЫШТЫ


31-январда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жана президенттик администрациянын коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысы Болот Жанузаков 2-февралдагы референдумга карата маалымат жыйынынын өткөрүштү.

Маалымат жыйынынын негизги темасы референдум маселеси болгон менен анын башкы максаты АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ричард Баучердин 29-январдагы билдирүүсүнө жооп берүү болду. Анда «АКШ Кыргызстандагы конституциялык реформанын жүрүшүнө улам катуу тынчсызданууда, 2-февралга белгиленген референдум Конституциянын жаңы редакциясын элдин кеңири талкуулоосуна жетиштүү убакыт бербейт, долбоордун айрым жоболору эл аралык стандарттарга төп келбейт жана жарандык коомду алсыратып, бардык бийликти президенттин колуна берет» деп айтылган.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов:

- Мен ар бир мамлекеттин өз артыкчылыгы бар экендигин айткым келет. Ар бир мамлекеттин артыкчылыктары башка мамлекеттер тарабынан урматталышы керек. Биз, маселен, Американын артыкчылыктарын жакшы түшүнөбүз. Алар өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыгына зарыл маселелерге келгенде өзүнө керектүү аракеттерге бараарын көрүп, байкап жүрөбүз. Бул, албетте, түшүнүктүү. Ошондой эле референдум биздин жашообузга тиешелүү, Кыргызстандын келечегине тиешелүү маселе. Бул биздин артыкчылыгыбыз. Ошондуктан, АКШнын өкмөтү биздин артыкчылыктарга биз алардын артыкчылыктарына түшүнүүчүлүк менен мамиле кылгандай эле мамиле жасайт деген ойдомун.

Ал эми Конституциялык кеңешменин маалымат жыйынына катышкан мүчөсү, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева мындай деп айтты:

- Мен Конституциялык Кеңешменин отуздан ашык мүчөсү менен сүйлөштүм. Мамлекеттик департамент жиберген адамдар эч кимге жолукпай, саналуу гана үч-төрт адамдын ой-пикирин угуп кетишкен. Мен азыр Баучерге рекомендация берип жатам. Анда ошол документтердин баары менен таанышып чыкса, Конституциянын жаңы редакциясын Конституциялык Кеңешмеде кабыл алынган долбоор жана талкуунун стенограммасы менен салыштырып көрсө мындай билдирүү жазмак эмес деп жазып атам. Андан тышкары, бир беткей ой-пикирди угушу – коомдун ички иштерине киришип, конфронтация түзгөнгө шарт түзгөнү деп эсептээримди билдирем.

Мындан тышкары, ал чет элдик уюмдар Кыргызстандагы бардык процесстерге кош стандарт менен мамиле кылып жатканын, мындай мамиле оппозициячыл күчтөрдү курчутуп, өлкөдө карама-каршылыктарды пайда кылаарын баса белгиледи.

Референдумду өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кеңири түшүндүрмө берген Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев айрым бейөкмөт уюмдар өз байкоочуларына акча берээрин айтып, анын тартип коргоо органдары иликтөөгө алаарын билдирди:

- «Бейөкмөт уюмдар коалициясы» деген бар го, төрагасы Эдил Байсалов. Алар ар бир байкоочуга бир күнгө 140 сомдон таратып жатыптыр. Алар өтө көп байкоочуларды жиберип жатышат. Эми тиешелүү органдар иликтеп көрүшөөр. Булар ошончо көп акчаны кайдан алып жатышат?

Ал эми президенттик администрациянын коопсуздук жана укук коргоо органдар бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков тартип коргоо органдары өлкөнүн бардык аймагында коопсуздук чараларын күчөткөндүгүн билдирди. Ошондой эле ал Бишкек шаарынын, Ош жана Жалалабад областтарынын аймагында «референдум эрте жарыяланды, ага добуш бербегиле» деген чакырыктар жазылган, орус жана кыргыз тилиндеги баракчалар табылгандыгын жарыялады жана бул оппозициянын колунан келген болуш керек деген божомол бар экендигин билдирди:

- Эми бул баракчаларда жазылган сөздөрдүн баардыгы - баягы эле айтылып жүргөн сөз, баягы эле ушак-айыңдар. Ушундай баракчаларды таратып, элди добуш берүү участкаларына жибербей коюп, пикет, митинг жасоо мыйзамга сыйбаган көрүнүш. Бул тууралуу «Биз пикет кылабыз, элдерди үгүттөп, бойкот кылабыз» деп, Бекназаров жана башка бир тобу жазып чыгышкан.

Бирок ушул эле күнү пресс-конференция өткөргөн референдум боюнча коомдук штабдын төрагасы Өмүрбек Текебаев референдумду өткөрүүгө бийлик толук киришип, шайлоочуларды алдоо, коркутуу, сатып алуу жолу менен добуш берүүгө үгүттөп жатканын айтып чыкты:

- Мен баракчаларды ким тараткандыгын билбейм. Кыргызстанда ар түрдүү көз караштагы адамдар көп. Ким таратса да мыйзам чегиндеги өз укугунан пайдаланган. Эгер биз тараткан болсок алдына өз фамилияларыбызды койгонду унутпайт болчубуз.

Текебаев мырза бул сөзү аркылуу «оппозициячыл күчтөр баракчаларды таратып жатат» деген кинени жокко чыгарды.

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов байкоочуларына эмне себептен акча берилип жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Биз байкоочуларыбызга «байкоо жүргүзүп бергиле» деп акча берген жерибиз жок. Булар эртең мененки саат алтыда шайлоо участкасына барыш үчүн транспортко акча керек. Ошол транспортко акча керек деп арыз жазышкандан кийин анча-мынча тыйын-тыпыр берип жатабыз. Мындай практика бүт дүйнөдө колдонулуп жүрөт.
XS
SM
MD
LG