Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

КЫТАЙДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ТАРЫХЫНАН: ЧЫГЫШ ТҮРКСТАН – ТАРЫХЫЙ МЕКЕН


Азиза Турдуева, Бишкек Тарыхый жазма эстеликтеринде кыргыздардын айрым этникалык топтору байыркы жана орто кылымдардан бери Түштүк Сибирь, Чыгыш Казакстандын талаалары, Теңиртоо, Памир, Алтай тоолору, Хангай, Тибетке чейинки аймактарда жашагандыгы тууралуу айтылат. Тарыхый маалыматтар жана окумуштуулардын иликтөөлөрү кыргыздардын Шинжаң аймагында байыркы доорлордон тарта жашап келгендигин тастыктайт.

Сырттагы кыргыздардын тарыхы жалпы тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Ал эми Кытайдагы кыргыздар жашаган Шинжаң аймагы - тарыхта Чыгыш Түркстан деген аталыш менен белгилүү болуп, аны кытайлыктар XVIII-кылымдын экинчи жарымынан тартып «Синьцзянь» (которулушунда «Жаңы чек») деп атай башташкан.

Чыгыш Түркстан чөлкөмү эзелтеден эле этникалык алакалар менен ар кыл маданий-диний байланыштардын казынасы болуп келген. Бул аймакты кыргыздар кайсы мезгилден бери мекендеп келгендиги жөнүндөгү маселе илимий чөйрөдө бир катар талаш-тартыштарды пайда кылып келет. Бул тууралуу так маалыматтарды берген жазма даректер азырынча сейрек учурайт. Н. Я. Бичурин, Н. А. Аристов, А. Н. Бернштам, А. Байтур өңдүү белгилүү тарыхчылар кыргыздар Чыгыш Түркстандын аймагында байыркы мезгилдерден бери эле жашап келгендиги жөнүндөгү көз караштарын айтышкан. Белгилүү тарыхчы-илимпоз Бичурин биринчилерден болуп «Теңиртоо жана Чыгыш Түркстан - кыргыздардын мекени, алар байыркы мезгилдерден бери эле ушул аймакты жерлеп келишкен» деген көз карашты айтса, Аристов кыргыздар биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктан бери эле Теңиртоо жана Танну-Оланын аралыгында жашап келгендигин белгилейт. Ал эми Бернштамдын ой жүгүртүүсү боюнча, Энесай кыргыздары Теңиртоого, Чыгыш Түркстан аймагына бир канча ирет - байыркы жана орто кылымдарда - жылып, жер которушкан.

Кытайдагы кыргыздардын арасынан чыккан белгилүү тарыхчы Анвар Байтур болсо, Теңиртоодо кыргыздардын бир бөлүгү биздин замандын биринчи кылымынан тарта пайда болгондугун эскертет. Изилдөөчү-археолог Л. А. Евтюхова кыргыздардын байыртадан мекендеп келген жерин Минуса ойдуңу менен байланыштырат. Бирок, ошол эле учурда, окумуштуу Минуса аймагында жашаган кыргыздардын материалдык маданиятынын Чыгыш Түркстанда табылган байыркы маданияттар менен окшоштугу кыргыздардын ушул аймакта калыптангандыгын далилдээрин белгилейт.

Көрүнүктүү чыгыш таануучу Л. А. Боровкова жана окумуштуу-археолог Ю. С. Худяков да, соңку мезгилдеги изилдөөлөрүндө байыркы кыргыздар Теңиртоо кыркаларынын түндүк-чыгышында орун алгандыгы, башкача айтканда байыркы кыргыздардын Чыгыш Түркстанда жайгашкандыгы жөнүндөгү көз караштарды бышыкташат.

Эгерде байыркы мезгилдерде, биздин замандагы VII-VIII кылымдарында кыргыздардын айрым урууларынын Теңиртоодо пайда болгондугу жөнүндөгү маселе талаш-тартыштуу көрүнсө, IX кылымдан баштап кыргыздардын Чыгыш Түркстан аймагында орун алышы салыштырмалуу көбүрөөк тарыхый маалыматтар менен негизделет.

IX-X кылымдарда Энесай кыргыздарынын бир бөлүгү Теңиртоого жана Чыгыш Түркстан аймагына келишкендигин кытай жана фарс авторлорунун маалыматтары тастыктайт. Бул маселенин үстүнөн иликтөөлөрдү жүргүзгөн окумуштуу Өмүркул Караев чыгыштын жазма даректеринин негизинде, IX кылымда Энесай кыргыздары чыгышты карай Чоң Хинганга чейин, түштүктө Тан империясынын чек араларына, батышта - Иртыш жээктерине чейин барышып, ушул эле мезгилде алар Чыгыш Теңиртоого жана Жетисууга келишкен деген жыйынтыкка келген. Окумуштуунун көз карашы боюнча кыргыздар XV кылымдын экинчи жарымында Чыгыш Теңиртоодо, Бешбалык жана Алмалык шаарларынын аралыгында жана андан түндүгүрөөктө жашаган. Изилдөөлөргө караганда, «кыргыз» этноними менен окшош уруулар XVI-XVII кылымдарда бир эле мезгилде Түштүк Сибирди, Чыгыш Түркстанды, Теңиртоону, Памир-Алайды жана башка аймактарда байырлашкан.

XVII – XIX кылымдарда кыргыздар Чыгыш Түркстандын саясий турмушунда таасирдүү орунду ээлеп, бул чөлкөмдөгү чоң-кичи кожолордон турган саясий топтордун өз ара чабуулдарына жана Чың империясынын аларга каршы күрөштөрүнө активдүү катышып келишкен.

XIX кылымдын 50-жылдарында белгилүү казак окумуштуусу Чокан Валиханов Чыгыш Түркстанга саякат жасаган учурунда жергиликтүү кыргыздар менен жолугуп, кийинчерээк, өзүнүн эмгектеринде кыргыздар бул аймакта мурдатан эле көчүп-конуп жүргөндүктөрү жөнүндө баяндаган.

Белгилүү болгондой, 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшкө чыккан кыргыздардын бир бөлүгү падышалык Орусиянын куралдуу аскери тарабынан кырыла баштаганда, коңшу Кытайгы качууга аргасыз болушкан. Жалпылап айтканда, тарыхый даректердеги маалыматтар жана окумуштуулардын изилдөөлөрү кыргыздар Шинжаң аймагында байыркы жана орто кылымдардан бери эле байырлап келгендигин айгинелейт.
XS
SM
MD
LG