Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

АРГЕН ҮНДҮҮ АСЕК: Биринчи берүү


Маалымдама: Асек Жумабаев, республиканын эл артисти, 1955-жылы Варшавада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк студенттер менен жаштардын 5-фестивалынын лауреаты, элдик жана опералык ырчы. 1923-жылы Нарын районунун Байгазак айылында туулган. Ал өзүнүн чыгармачылык эмгек жолун Нарындагы азыркы М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштөөдөн баштайт. Ондогон ролдо ойнойт. Кийин Ысыккөл драма театрында, 1949-жылдан 1990-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик А.Малдыбаев атындагы Академиялык опера жана балет театрында иштейт. А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин «Айчүрөгүнөн» Күлчоронун, «Токтогулунан» Арзыматтын, «Алтын кызынан» Калыбектин, «Ажал ордунасынан» У-Чей-Фунун, Е.Брусиловскийдин «Кыз жибегинен» Шегенин жана башка ролдорду аткарат. Бир эле мезгилде элдик жана Сыртбайдын, Калмураттын, Атайдын, Мусанын жана башка ырларын ырдайт.

Кудай-таалам эл артисти, 1955-жылы Варшавада өткөн Бүткүл Дүйнөлүк студенттер менен Жаштардын 5-фестивалынын лауреаты Асек Жумабаевге жарк эткен туубаса актерлук шыкты, көмөкөйүнөн төгүлгөн аргендей үндүү комуздун, кыяктын, оркестрдин коштоосунда келтире да, келиштире да ырдаган ырчы-аткаруучулукту, опералык ырчылыкты, обончулукту, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай куйкумдуу сөздү, жаш менен карынын жарпын жазган тамашакөйлүктү, кепкөйлүүктү, адамкерчиликти аябаптыр.

Ушундай баардык жагы төп келген, кандай кеп айтсак да жарашкан Асек Жумабаев төрт мезгилдин эң сулуусу, эң улуусу май айында 1923-жылы Теңиртоонун койнундагы Байгазак айылында туулат. Ал атадан эрте айрылат. Башынан жетимчиликти да, жетишпеген турмушту да өткөрөт. Ырга, күүгө болгон ышкысы балапан кезинен жанат. Комуз черткенди таятасы Ысырайылдан үйрөнөт. Мектеп босогосун аттаган күндөн өздүк-көркөм чыгармачылыктын ийримине жандуу катышып, шыгырда баштоочу болуп ырдайт. Кийинчерээк кулагы уккан, көңүлү түшкөн элдик ырларды аткарат. Асектин табигый шыгынын тутанышына Абдыашым Көбөгөнов, Абдыкалый Темиров баштаган артистердин концертин угушу, таанышышы, алардын алдында ырдап, комуз чертиши, сынынан өтүшү өзгөчө таасир этет.

- Асек ага, Ортожаз айылдык кеңешинде катчы болуп иштеп турганыңызда телефон аркылуу Жумаш деген келинге ырдай коём деп, ошол кездеги райкомдун биринчи катчысы Акбаевдин каарына калып, иштен бошогондон кийин кандайча Нарын драма театрына ишке кабыл алынып калдыңыз?

- Бошоп калгандан кийин, эмне кылаарымды билбей, артист болсом деген оюмда бар эле, Нарынга барып, эжемдикинде жатып, күнүгө артисттер иштеген клубга барып, терезеден карап коюп, сүрдөп качып кетем. Бир күнү бирөө байкап калса керек, «бери келчи бала» деди. Барсам «этюд жаса» дейт, этюду эмне экенин билбейм. Көбөгөнов «бир чаар жылан алдыңан чыгат, ошондон коркосуң» деди. Ошону ойлонуп-ойлонуп отуруп, чокойду чечип туруп, кыйшайып жыланды көргөндөй, бакырып жыгылдым. Жагып калдым окшойт. «Эми дагы бир этюд» деди. «Жайлоодогу тентек кулун болосуң, ошону туурайсың, анан үркөсүң» деди. Эшике чыгып, шымымдын багалегин өйдө түрүп, эшикти ачып туруп эле кыйкырып-өкүрүп, кулунча оюн салып, Королков деген бухгалтерди бир карап алып бышкырып, жыгылып калсам, Көбөгөнов: «Ой, сен даяр артист турбайсыңбы» деп күлдү, - дейт Асек ага.

Асек театрдын босогосун аттаары менен чакан ролдорду биринен сала бирин аткарып, бат эле көрүүчүлөрдүн көзүнө көрүнө баштайт. Айрыкча, Жумабаевдин актёрлук чеберчилиги К.Жантөшовдун «Ким кантти» комедиясындагы Чыныбектин, К.Эшмамбетовдун «Саринжи-Бөкөйүндөгү» Саринжинин, Р.Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасовундагы» Жапалактын, Ж. Бөкөмбаевдин «Токтогулундагы» Эшмамбет ырчынын жана башка ролдордо айдан ачык көрүнөт. Ал оюндардагы аркыл ролдордо ойноо менен чыгармачылыгынын баш аты ырчылыкты да бирдей өнүктүрөт. Жаш шайырдын аткаруучулук устаттыгынын жетилишине, төшөлүшүнө, өздүк репертуарынын байышына белгилүү обончу-ырчы, комузчу Абдыкалый Темиров бирден-бир насаатчысынан болот. Ал жөнүндө Асек ага:

- Мен Темировду биринчи жолу көргөндө эле, «ушундай да киши жаралат экен ээ», деген элдин сөздөрү эсиме келе түштү. Бул кишинин актерлугу, обончулугу, комузчулугу ченде жок эле. Командировкада жүргөндө эртең менен эрте туруп кетет. Анан чийдин түбүнө отуруп алып обон чыгарат. Кээде тексти өзү курап жаза коёт экен. Көбүнчө ал акындардын жакшы текстерине обон чыгарчу. Нота дегенден түшүнүк жок, билбейбиз. Обон чыгарганда текстине жараша обондун башын курап коёт. Анан унутуп калбас үчүн бири-бирибизге обонду жаттатат. Мен болсом, текстин обондун мазмунуна жараша биринчи кыл, экинчи кыл, үчүнчү кылды басам, эсиме тутуп калууга аракеттенем. Ал эми Абдыкалый болсо обондорун кыңылдап ырдап берет. Мен да аны кайталап кыңылдайм. Кээде унутуп калам. Кээде кесиптештерибизге силер да эстеп койгула деп тигил же бул обонду ырдап беребиз. Ошентип, обондорду жаттайбыз. Алгач Темиров өзү ырдайт. Анан мага үйрөтөт. Кээде ошол обондорду ырдап атсам эле өзүнчө бир созмолор кошулуп кетет. Мен корком. Анан Абдыкалый күлүп келип: «Баракелди, жакшы балам, ырдай бер, обон деген ошондой жаралат» деп койчу, - деп эскерет Асек ага.

Абдыкалый Темиров жаңыдан талпынып, канат күүлөй баштаган келечеги кең жаш ырчыга репертуарды тандоо, ырдоонун көмүскөдөгү аваздык сырларын созуунун ыкмаларын, кандай сөзгө, кайсындай басым жасоонун, ар бир ырдын, обондун маңызына жараша өңдү, түстү айкалыштыра кубулта ырдоону айтып, такай кеңешин берип, такай насаатын айтат. Асек устатынын өз оозунан дүйнөдөгү эң бир карыбыгын, эң бир арыбаган, эң бир жаш махабаттын улуктугун, касиетин баяндаган уккандардын кыялдарын кытыгылаган «Ак маңдай», «Кыялым», «Кумармын», «Сагынганым билбедиң» аттуу ырларынын кыяпатын келтире үйрөнөт.
(Уландысы бар).
XS
SM
MD
LG