Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Кыргызстан менен Өзбекстандын газ ишканалары 2003-жылга карата келишимге кол коюшту


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик ишканасы менен Өзбекстандын «Узтрансгаз» акционердик ишканасы жаратылыш газы боюнча өз ара келишимге кол койду. Ага ылайык 2003-жылы Өзбекстан Кыргызстанга жетишээрлик газды үзгүлтүксүз бере тургандыгы макулдашылды. Мындай маалымат ишемби күнү «Кыргызгаз» ишканасынын башчысынын орун басары Кубанычбек Жусупбековдон алынды. Анын билдирүүсүнө караганда, келишим боюнча Кыргызстан жаратылыш газынын 1000 куб метрин 42 доллардан сатып алат. Ал эми алынган газдын 45 % натуралай, 55 % акчалай төлөнө тургандыгы белгиленди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG