Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Жалалабад областынын аймагында Конституцияга каршы үгүттөгөн баракчалар табылды


ЖАЛАЛАБАД. 1-февралда областтын борборунда, Сузак, Базаркоргон райондорунун көчөлөрүндө дубалдарга, электр мамыларына жана бактардын бетине илинген, кыргыз жана өзбек тилдеринде жазылган баракчалар пайда болду. Барактарда «Курандан башка Конституцияны кабыл алуу, аны таркатуу жана ага чакыруу - кул болууга, кордук менен бактысыздыкка барабар, деп жазылып, «ар бир Конституцияны четке кагуу - ар бир мусулмандын милдети» экендиги эскертилген. Областтык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча Жалалабад шаарынан да 9 баракча табылган. Чакырыктардын маанисинен улам, баракчаларды расмий катталбаган «Хизбут-Тахрир» партиясынын өкүлдөрү тараткан деген божомол бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG