Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

А.Акаев экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү жобо Конституциянын жаңы редакциясына оппозициянын сунушуна ылайык киргизилгенин айтты


БИШКЕК. 2-февралда эртең менен президент Аскар Акаев референдумга добуш берүүгө Бишкек шаарындагы № 1128-шайлоо участогуна барат. Добуш берүүнүн соңунда ал журналисттердин суроолоруна жооп берет. Бул тууралуу ишембиде президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми жума күнү кечинде президент Аскар Акаев маданият кызматкерлери жана ардагерлер менен жолугушуп, ал жергиликтүү сыналгы аркылуу түз алып көрсөтүлдү. Жолугушууда президент өткөн он жыл ичинде аткарылган иштерди айтып берип, катышуучулардын ой-пикирлерин укту. Айрым катышуучулар Аскар Акаевди 2005-жылдан кийинки мөөнөттө иштөөгө да татыктуу адам катары баалашты. Президент өзү реформанын максаты - демократиялык коомду түзүү экендигин белгилеп, бул коомдо оппозициянын болушу кадыресе көрүнүш экенин айтып өттү. Ошондой эле ал азыр кызуу талкууланып жаткан экс-президенттин кол тийбестиги жөнүндөгү жобо Конституциянын жаңы редакциясына радикал оппозициянын сунушу менен киргенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG