Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:28

Оппозициячыл саясатчы Жыпар Жекшеев аткаруу бийлигинин референдум алдындагы айрым аракеттерин сынга алды


БИШКЕК. Аткаруу бийлик өкүлдөрү элдик референдумду колдоп үгүт жүргүзүш үчүн Бишкек шаарынын Аламүдүн районундагы төрт мектептин мугалимдерине жана шайлоо комиссия мүчөлөрүнө 500 сомдон акча таратты. Бул тууралуу ишемби күнү Элдик референдумга көзөмөл кылуу боюнча коомдук штабдын төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеев маалымдады.
Ошондой эле, Жыпар Жекшеевдин айтымында, бийлик өкүлдөрү референдум күнү Жалалабад областынын Аксы районундагы № 348, 326, 345, 343-шайлоо участокторуна аталган коомдук штабдын өкүлдөрүн байкоочу катары киргизбей тургандыгын кабарлады. Аталган райондун референдумду өткөрүү боюнча штабынын башчысы Озукеев Эргешаалы байкоочулардын шайлоо участокторуна киргизилбей калгандыгынын себебин байкоочулардын тиешелүү документтеринин жоктугу менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG