Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Кийинки күндөрү орусиялык гезиттерде жарык көргөн макалалардын мазмуну

Орусиялык гезит-журналдар үстүбүздөгү аптада Борбордук Азия аймагындагы, ошондой эле КМШ курамындагы өлкө башчыларынын кезектеги саммитине байланышкан абалга өзгөчө ынтызарлык менен саресеп салганы байкалды. Жалаң гана басма сөз эмес, электрондук маалымат каражаттарында да бул маселеге тикеден-тике тийиштиги бар журналисттик материалдар тынбай берилип турду. «Бул көрүнүш да жөндүү. Украина жетекчилигиинин аракети менен өткөрүлгөн жыйын анын жалпы КМШ келечегинде кандай роль ойной тургандыгын жана кайсыл орунду ээлей тургандыгын аныктады» дешет айрым журналисттер. Жуманын шаршемби күнү (29.01.03) «Независимая газета» саммитке арналган макаласын «Киев Путинди Рим папасын күткөндөй тосуп алды» деп атап, көбүрөөк орус Президенти Владимир Путин менен Украина башчысы Леонид Кучма ортосундагы жеке саясий диалогко арнаса, «Новые известия» (30.01.03), «Новая газета» (30.01.03) жана «Красная звезда» (30.01.03) гезиттери саммиттин маанисин «жалпы Шериктештиктеги өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү жолу менен байланыштуу» деп карашты.

«Независимая газета» менен «Время новостей» «Киевдеги саммит бере турган пайда Орусия менен Украинанын кызматташтыгын күчөтүп, жалаң гана экономикалык эмес, келээрки Президенттик шайлоолордо саясий колдоо көрсөтө тургандыгын аныктады» деп жазышты. Бул былтыркы жылдын күзүндө Москванын Леонид Кучманы КМШ Кеңешинин жетекчиси катарында тандоо сунушунун киргизгенинен кийин кучой баштаган. Ал эми үстүбүздөгү аптада өткөн жыйында бул иш толугу менен аткарылды.

Окуянын мындай өнүгүүсүнө гезиттер түрдүүчө мамиледе. Мисалы, «Новые известия» «Украинанын КМШ курамында туруктуу өкүл болбой туруп, кантип эл-аралык уюмга жетекчилик кылаарын түшүнбөгөндүгүн» билдирет. Бул көрүнүшкө орусиялык эксперттер да түрдүүчө жооп беришүүдө. «София» социалдык изилдөөлөр борборунун өкүлү Андрей Ермолаевдин пикиринде, «бул жагдай КМШ алкагында олуттуу геосаясий өзгөрүүлөрдүн орун алуусу мүмкүн экендигин айгинелейт». Ал эми «Меркатор» аналитикалык тобунун жетекчиси Дмитрий Орешкин «КМШ түзүлүшүндөгү бул өзгөрүү Шериктештиктин саясий күч катарында маанисин жогото баштагандыгынын күбөсү» деп билет. Бул ойго толугу менен кошула тургандыгын билдирген «Новые известия» журналисти Марина Калашникованын жазганына караганда, «Шериктеш мамлекеттер башчыларынын кезектеги жыйыны ортодогу достуктун жана кызматташтыктын эмес, тетирисинче, ажырымдын жана кыйроонун орун алгандыгын көрсөттү».

«Шериктештиктеги 12 өлкөнүн жарымынын жетекчилери саммитке келишкен жок. Борбордук Азия, Тажикстанды эсепке албаганда, толугу менен эле катардан чыгып калышты. Саммитке Москва менен олуттуу проблемасын чечуу керек болгондор гана келишти» деп жазат журналист. Айрым орусиялык саясий эксперттер «КМШ лидерлеринин саммити эч кандай деле натыйжа алып келген жок деп ойлошот» (НГ-29.01.03). Алардын айтымдарында, мындай абал Орусиянын Украинадагы келерки Президенттик шайлоолордо кимди колдоо керектигин азырынча толук чече электиги менен байланыштуу. Оз кезегинде, мындай так багыттын жоктугу ортодогу мамиленин жана бул саммиттин да белгилуу деңгээлде «майрам» катарында таанылуусуна өбөлгө түзүүдө. Ошондуктан, Орусиянын экономикалык өнүгүү министринин орун басары Дмитрий Сухопаров айткандай, экономикалык маселелер күн тартибине коюлган деле эмес. «Майрамды бузуунун эмне кереги бар?» дейт гезит журналистине жогорку даражадагы кызматкер.

Аптанын бейшембисинде «Московский Комсомолец» гезити жарыялаган Кыргыз Республикасынын Президенти Аскар Акаевдин интервьюсу Кыргызстан турмушу менен байланыштуу негизги маселелерге жооп бергендей болду. Президент өлкөнүн көз карандысыздык жылдарда басып өткөн саясий өнүгүү жолуна көз жүгүртүп, анын бүгүнкү күндөгү саясий багытын эл-аралык жана ички абал менен байланыштырып айтат. Маэкте, ошондой эле, Кыргызстан үчүн Орусия менен кызматташтыктын мааниси, өлкөдөгү орус тилдүүлөрдүн абалы, Кыргызстандын КМШ курамындагы башка мамлекеттер менен түрдүү кеңештерге кошулуу мүмкүнчүлүгү жана, эн башкысы, улуу державалардын саясий кызыкчылыгы кесилишкен аймакта өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу маселесине карата өз пикири менен бөлүшөт.

Мындан сырткары, орусиялык басма сөз маалымат каражаттарынын соңку сандарында Кыргызстанда өтүүчү референдумга, чек ара маселесине, ошондой эле, Борбордук Азиядагы саясий абалды талкууга алган башка макалалар да жарыяланды.
XS
SM
MD
LG