Израилдин Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Ефраим Халеви Вашингтондо АКШнын Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен жолугушуп, ыктымал Ирак согушу учурундагы аракеттерди талкуулайт. Израиль радиосу кабарлагандай, премьер-министр Ариэль Шарон Вашингтондогу жолугушууда Ирактагы аскерий аракеттер учурунда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды көзөмөлдөө чаралары сөз болоорун айткан. Халеви АКШ өкүлдөрүн Иракта согуш башталса, Израиль палестин аймактарындагы аскерий операцияларын басаңдатаарына ишендирмекчи.