Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

АКШнын "Колумбия" космостук кемеси асманда кыйроого учурады


Американын космостук агенттиги, же кыскача НАСА деп аталып жүргөн уюм бүгүн жерге конооруна аз калганда, "Колумбия" космостук кемеси кырсыкка учурап, жер менен байланышын жоготконун билдирди. НАСА агенттиги окуяга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялап, болжол менен Техас штатынын үстүндө 60 миң метрдей бийиктикте келатып, кыйраган космостук кемени издөө иштери жүрүп жатканын маалымдады. Израилдик эң алгачкы астронавтты жана анын алты америкалык кесиптешин салган "Колумбия" кемеси космосто 16 күн болуп, 80дей илимий сыноону ийгиликтүү аткарып, жерге кайтып келатып, конооруна 15 мүнөттөй калганда кырсыкка учурап отурат.

XS
SM
MD
LG