Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

КАЗАКСТАН КАМБАРАТА ГЭСтеринин КУРУЛУШУН КАРЖЫЛООГО КАТЫШЫШЫ МҮМКҮН


Сапар Орозбаков, Бишкек Кийинки жылдары казак ишкерлери Кыргызстандын ишканаларына көбүрөөк кызыга баштаганы байкалат. Алар Кыргызстандын 2 банкын, бир нече пансионатын жана башка ишканаларды сатып алышканы белгилүү. 29-январда Казакстандын премьер-министри Имангали Тасмаганбетов Астанада Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуп, казак өкмөтү Кыргызстандын Камбарата ГЭСтеринин курулушуна катышууга көңүлдөнүп жатканын билдирди.

Кийинки 2 жылда Кыргызстандын экономикасына казак ишкерлеринин кызыгуусу күчөй баштады. Кимге таандык экени так эмес Кайыңды кант заводун, Канттагы цемент-шифер комбинатын айтпаганда да, казак ишкерлери Беловодскинин жүгөрү иштетүүчү комбинатын, Ысыккөлдөгү бир топ пансионаттарды сатып алышты. Бир жыл мурда Казакстандын «Казкоммерцбанкы» Кыргызстандын « Автобанкынын» акцияларынын контролдук пакетин өткөрүп алган болчу. Өткөн жылдын акырында Казакстандын «Темирбанкы» да «Инексимбанктын» 75% акциясын сатып алды. Ошол эле «Темирбанк» жана Казакстандын дагы бир банкы - «Альфабанк» түзгөн 2 консорциум Майлысуу электрлампа заводунун мамлекетке тиешелүү акцияларын сатуу боюнча өткөрүлгөн тендерге катышып, бирок аны ала албай калышкандарын кабарлаган элек. Эми болсо ««Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн 40% жакын акциясын казак ишкерлери сатып алды» деген кабар тарады.

Бирок бул Кыргызстанга келген казак капиталынын бери эле чети болчудай. 29-январда Казакстандын премьер-министри Имангали Тасмаганбетов Эл аралык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын Борбордук Азиядагы директору Денис деТрей менен жолугушуп, Казакстан Камбарата ГЭСтерин куруу ишине катышууга кызыгып жатканын билдирген. «Улуттук электр тармагы» акционердик коомунун төрага орун басары Ильяс Давыдовго кайрылганыбызда, ал мындай деп жооп берди:

- Биздин өкмөт Камбарата ГЭСтерин курууну каржылоого катышуу тууралуу сунуш менен казак өкмөтүнө кайрылган. Расмий түрдө жооп ала элекпиз. Менде «казак өкмөтү бул маселени Дүйнөлүк Банк менен бирге караптыр» деген расмий эмес гана кабар бар. Бирок кандай чечилгенин билбейт экенмин.

Казакстандын «Кz today» маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, казак өкмөтү Камбарата ГЭСтерин курууга макулдугун берээрден мурда 2 маселенин башын чечип алгысы келет. Ал биринчиден Камбарата ГЭСтерин курууга кетчү чыгымдарды көз карандысыз аудит аркылуу тактап алууну көздөйт. Анткени Камбарата ГЭСтеринин долбоору мындан 30 жыл мурда түзүлүп, ал азыркы талаптарга жооп бербейт экен. Экинчиден казак өкмөтү ГЭСтер курулгандан кийин алар кандай башкарылаары тууралуу маселени, же башкаруунун укуктук негиздерин так чечип алууну каалайт.

Эгерде Казакстан Камбарата ГЭСтерин курууну чындап эле өз мойнуна ала турган болсо, ал Кыргызстандын эң ири инвестору болуп калаары талашсыз. Анткени бүтөөрүнө аз калды деген «Камбарата-2» ГЭСин курууга 240 млн. доллар, ал эми курулушу баштала элек «Камбарата-1» ГЭСин курууга болсо дагы 1 млрд. доллардан ашык акча талап кылынат. Мынча акчаны Кыргызстандын экономикасына буга чейин эч ким салган эмес. Эң чоң инвестиция деген «Кумтөр» алтын кенине канадалык «Камеко» 450 млн. доллар сарптаганы маалым.

Казакстан анча акчаны таба алабы? Ири кен байлыктарын чет өлкөлүк инвесторлорго өткөрүп берген Казакстандын экономикасы азыр жакшы темп менен өсүп бараткандыгы белгилүү. Эгерде чындап аракет кылса ал мынча акчаны жумшап коюшу да мүмкүн. Казак премьери Тасмаганбетов бул маселени Дуйнөлүк Банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда көтөрүп жатканына караганда, ал жетпеген акчаны эл аралык финансы уюмдарынан алам деп үмүт кылат. Бирок канча айткан менен анча акча табыш Казакстан үчүн деле оор. Анын Кыргызстандын ГЭСтерине болгон кызыгуусу суу проблемасына байланыштуу гана болуп жаткан өңдүү. Кыргыз бийликтери кийинки кездерде суу сатылат деп кошуналарын сарсанаага салганы жалпыга маалым. Казак өкмөтү ириде суу ресурстарына таасир этчү рычаг издеп жаткан өңдөнөт. Анын түздөн-түз жолу болбогондуктан Казакстан ГЭСтерди курууга катышып, ал аркылуу суу ресурстарын башкарууга мүмкүнчүлүк алгысы келип жатса керек. Ошондуктан Казакстан үчүн инвестициянын көлөмү эмес, суу ресурстарын башкарууга Казакстандын катышаар-катышпасы жөнүндөгү маселе маанилүрөөк.
XS
SM
MD
LG