Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

ГРУЗИН-АБХАЗ ЖАҢЖАЛЫ: ЖАҢЫ ЧАТАК


Бириккен Улуттар Уюмунун Грузиядагы байкоочулар миссиясынын мандаты дагы алты айга узартылды. Ага чейин грузин-абхаз жаңжалын жөнгө салуу ишинин абалы жөнүндө ООНдун баш катчысы Коопсуздук кеңешинде маалымат берүүгө тийиш. Бирок Грузиянын ырасмий өкүлдөрү Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган резолюцияны сынга алып, документ жаңжалды жөнгө салганга көмөктөшө албай тургандыгын билдиришти.

30-январдагы резолюцияда Коопсуздук кеңеши өзүнүн мындан бир нече жыл мурдагы чечимин кайра бекитти. Документте грузин-абхаз жаңжалын жөнгө салууда эч кандай прогресс байкалбагандыгы белгиленип,мындай абал “кабыл алгылыксыз” деп бааланды. Бириккен Улуттар Уюмуна кирген өлкөлөрдүн атынан резолюцияда “Грузиянын эгемендиги,көз карандысыздыгы жана территориялык бүтүндүгү” таанылат. Ушул принциптен улам Грузиянын составында Абхазиянын статусун аныктоо зарылдыгы айтылат. Резолюцияда “Тбилиси менен Сухуминин ортосундагы полномочиелерди бөлүштүрүүнүн негизги принциптери” каралган эски документ колдоого алынган.

Коопсуздук кеңеши ООНдун региондогу миссиясы, КМШнын бейпилдик күчтөрү, эл аралык башка персоналдын иштери, алардын коопсуздугу үчүн грузин жана абхаз тарабы бирдей өлчөмдө жоопкер экендигин эскертти. Тараптар, резолюциянын талаптарына ылайык, тынчтык процессин бардык аспекттер боюнча кескин жандантууга тийиш. Эгер абал өзгөрбөсө, Тбилиси менен Сухуми карышкан позицияларынан баш тартпаса, анда ООНдун байкоочулар миссиясынын мандатын кайра карап көргөнгө, а балким, токтотконго туура келиши мүмкүн.

Грузиянын ООНдогу элчиси Реваз Адамиа ошол эле күнү резолюцияга кескин нааразылыгын билдирди. Баарыдан мурда резолюцияны Коопсуздук кеңеши талкуу-талашка салбай туруп эле кабыл алып койгону грузин элчисин таң калтырды. Адамиа резолюцияга Россия аркачы болду деп эсептейт. Москва болсо, грузин элчисинин ишениминде, Абхазияны аннексиялап алгысы келет. Мунун далили катары ал абхаздардын Гудаута шаарында орустардын аскерий базасы түзүлүп жатканын, республиканын экономикасына орус капиталы күргүштөп келе баштаганын атап көрсөттү. Коопсуздук кеңешиндеги резолюция жаңжалды жөнгө салганга жардамдаша албайт, кайра жагдайды начарлатат деп ырастады элчи.

Февралдын экинчи он күндүгүнүн этегинде Женевада грузин-абхаз жаңжалына байланыштуу атайын жыйын өткөрүлөт. Ага Россиядан, Кошмо Штаттарынан, Британиядан, Франциядан, Германиядан жана Болгариядан жогорку даражалуу ырасмий өкүлдөр чакырылган. Бирок тбилисилик элчи мындай жыйындан майнап чыгарына ишенич жоктугун билдирди. Абал абдан кыйындап кетти, деп айтты грузин элчиси. Атап айтканда, жаңжал башталганда - мындан он жыл мурда өз үй, өлөң төшөгүн таштап, Абхазиядан качып чыккан 250 миңдей грузин алиге чейин киндик каны тамган аймактарга кайтарыла элек. Грузин тарабы биринчи кезекте дал ушул чөйрөдө ООНдун активдүү көмөгүнө муктаж. Качып-тозуп жүргөн адамдарга жыйын Женевадабы, башка жерде болобу, анчейин маанилүү эмес. Алар өз үйлөрүнө кайткысы келет. Бу жагына калганда эчтеме жасала элек, деп айтты Адамиа.

Грузин тарабы жаңжалдуу аймакта жайгаштырылган россиялык бейпилдик күчтөрүнүн мандатын узартпай тургандыгын айтып жатышат. Ал эми Коопсуздук кеңешинин резолюциясында бул маселени Грузияга 15-февралга чейин чечүү милдети табышталган. Көп иш эми Тбилисинин чечимине жараша болот. ООНдун байкоочулар миссиясы болсо негизинен россиялык бейпилдик контингентин эш тутат.
XS
SM
MD
LG