Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

ЕВРОПАДА ЭЛДИН САНЫ АЗАЙУУДА ЖАНА УЛГАЙГАН АДАМДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Европа кеңешинин маалымдашынча, Европа континентинде жашаган элдин саны 800 миллиондон ашты. Ошол эле мезгилде, Еврокеңештин изилдөөсү Борбордук жана Чыгыш Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө балдардын төрөлүүсү өтө пастап, тескерисинче, эмиграция ылдам өсүп баратканын көрсөткөн. Мындай абалга адам укугун коргоочу европалык уюмдар менен Еврокеңеш өтө кабатыр.

Европанын калкынын саны өсүүдө. Бирок, өсүү кыйла басаңдоодо. Элдин өсүү ыргагы Европа өлкөлөрүндө бир кылка эмес. Европа кеңешине мүчө 44 мамлекетте жана Белорус менен Югославияда өткөн 2002-жылдагы демографиялык абал жөнүндө жарыяланган соңку изилдөөнүн негизинде ушундай тыянак чыгарса болот.

2002-жылдын 1-январына карата, Европанын калкы 817 миллионго жеткен. Континенттеги калктын саны жылына 4 миллиондон бир аз көп же 0,5 процентке өскөнүн эске алсак, үстүбүздөгү жылдын башына Европада 820 миллиондон көп адам жашаган.

Элдин өсүү индекси Лихтенштейнде 1,99, Түркияда 1,83 жана Ирландияда 1,41 процентке барабар. Үч өлкө калктын өсүүсү боюнча эң мыктысы.

Калктын жылдык табигый өсүүсүнүн индекси төрөлгөн балдар менен көз жумган адамдардын 1 миң адамга болгон катнашы менен аныкталат.

Еврокеңештин демография боюнча комитетинин төрагасы Айдан Панчтын сөзүнө караганда, мурдакы коммунисттик өлкөлөрдө калк азайып, ага кошумча, миграция да тез өсүп барат.

-.Табигый кыскаруу Еврокеңештин көпчүлүк өлкөлөрүндө төрөлгөндөргө караганда, өлгөндөрдүн саны көп экенине байланыштуу... Эл да картайып барат... Айрыкча, өткөөл жолундагы өлкөлөрдө элдин саны азайып баратат.

8-январда жарыланган изилдөөдөн 2001-жылы 44 өлкөнүн ичинен экс-коммунисттик 11 өлкө менен Германия, Швеция жана Италияда эл азайып баратканын көрөбүз. 11 жыл мурда Мажарстан, Германия жана Болгарияда абал ушундай болчу. Жагдай Россияда, Латвияда жана Болгарияда өзгөчө жаман. Калк ордун толуктап өсүүсү үчүн төрөт курагындагы бир аялга Түркиядагыдай 2,5 бала болбосо да, Албания жана Ирландиядагыдай, кеминде 2,1 бала төрөлүп турушу шарт. Ал эми Россия, Латвия жана Болгарияда, тескерисинче, эки аялга бирден бала туура келет.

А. Панч баамдагандай, мурдакы коммунисттик өлкөлөрдө, калктын ордун толуктоо же балалуулук көрсөткүчү да өтө пас:

- Балалуулук көрсөткүчү, чынында эле, Армения, Чех респуликасы, Словакия, Латвия жана Словенияда 1-1,2 ден ашапайт. Жубайлар келечекте да балалуу болууну кийинге калтырып жүрө береби, эч ким билбейт. Бул жагдайды Еврокеңеш ушу тапта изилдөөдө.

Мындай жагдайга карабай, көпчүлүк адистер тышкы миграция күчтүү болгондуктан, Европанын калкы азаят деген коркунуч жок дешет. Бирок, Оксфорд университетинин профессору Дэвид Коулман бул пикирге кошулбайт:

- Маалымат каражаттарында Европанын калкы азайчу мезгил келе элек деген пикирлер көп айтылат. Ырас, бир катар Европа өлкөлөрүндө төрөлгөндөрдүн саны өлгөндөрдүн санына караганда жогору. Бирок, Италия жана Германия сыяктуу өлкөлөрдө калктын саны туруктуу калууда же негизинен тыштан келген мигранттардын эсебинен көбөйүүдө.

Демограф-илимпоз Коулмандын сөзүнчө, калктын саны жөнүндө кеп кылганда өтө этият болуу зарыл:

-Европадагы жарым проценттик өсүү индекси, эгер ал туура саналган болсо, табигый өсүүгө эмес, көбүн эсе эл аралык миграцияга байланыштуу... Жана жарым проценттик өсүү индекси мыйзамсыз иммигранттарды камтыбайт.-

Европага мыйзамсыз жолдор менен келген чет элдиктердин так саны белгисиз. Бирок, жылына жарым миллион адамдан кем болбойт деп чамалайт профессор Д.Коулман.

Европа өлкөлөрү үчүн башка бир кооптуу жагдай, бул калктын улгайып баратканы. Калктын ишке жөндөмдүү бөлүгү менен пенсионерлер ортосундагы азыркы катнашты сактап туруу үчүн келерки 50 жылда жылына 14 миллион адамды тыштан чакыруу керек болот. Андай болгондо, 2050-жылы Европанын калкы 2 миллиарддан ашып кетет.
XS
SM
MD
LG