Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

БАТЫШТАГЫЛАР ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ БААРЫ ЭЛЕ КОШУЛА БЕРИШИН КОЛДОБОЙТ


Улан Алымкул уулу, Прага Жакында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы Батыш Европанын калкынын келечекте Европа Биримдигине кошулуучу өлкөлөргө карата мамилеси бирдей эмес экенин көргөздү. Маселен, көпчүлүк Венгриянын Евросоюзга киришин кубаттаса, Балкан өлкөлөрүн анчейин каалашпайт.

Изилдөө Германиянын коомдук пикирди иликтөөчү "GFK" компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыктары көргөзгөндөй, эгер Европа Биримдигинин кеңейүү маселесинде ага мүчө өлкөлөрдүн калкынын пикири эске алынса, алар уюмдун Чыгышка карай кеңейүү жараянын чектешмек. Сурамжылоого тартылгандардын көпчүлүгү Венгриядан тышкаары Чехиянын, Польшанын Европа Биримдигине кошулушун кубаттаган. Балтика өлкөлөрүн 50 %, Румынияны 44 % жактаса, 39% Түркия да уюмдун мүчөсү болушу керек деген ишенимде. Ал эми Балкан өлкөлөрүн:Албания, Македония, Сербия, Черногория, Босния- Герцоговинанын уюмга киришин сурамжылоого тартылгандардын үчтөн бири, германиялыктардын 10% эле колдогон. Жогорудагылар эмнени туюндурат? Еврокомиссия тарабынан ишке ашырылып жаткан кеңейүү жараяны мыйзамсызбы, демократиянын эрежелерин эсепке алган жокпу? Албетте, изилдөө көргөзгөндөй, эгер маселе Европа Биримдигине мүчө өлөкөлөр арасында референдумга коюлса алардын көпчүлүгү ийгиликсиз аяктамак. Бирок, кийинки расмий чечимдерди талапкер өлкөлөрдүн ар бири боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттери кабыл алат. Буга чейин жарыялангандай, 2004-жылы уюмга Чыгыш жана Борбордук Европанын он өлкөсү кошулат. Кеминде калган үч талапкер өлкөнүн кире турган мөөнөт катары 2007-жыл белгилеген. Натыйжада, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин саны азыркыдан эки эсеге көбөйүп, 30га жетмекчи. Петер Зервакис-германиялык эксперт. Ал Европа Биримдигин кеңейтүү маселесине келгенде демократиянын дефицити азыр эле чыгып жатпаганын айтат:

- Европа континентин модернизациялоо долбоору ар убак элиталык долбоор болуп келген. Бул көп да, аз да эмес көшөгөнүн артында жасалып жүргөн иш жана дипломатиялык чөйрөдө каралат.

Эксперттин пикиринде, кеңейүү жараянынын пайдасына айтылып жаткан стабилдүүлүк, бакубаттуулук жөнүндөгү аргументтер Батыш Европанын карапайым калкы үчүн абстракттуудай көрүнөт жана алардын арасында көп деле барктуу эмес. Бүдөмүк ойлордун жаралып жатканын бир себеби ушунда:

- Шериктештик соңку жыйырма жылда болушунча тез кеңейгендиктен карапайым адамдар үчүн проблемалар жаралды. Андыктан, алар өзүлөрүнө шериктештикте демократияны тереңдетүү- чечүүнү биринчи талап кылган проблема болуш керек эле деген суроо беришет.

Ошондой эле Зервакистин айтымында, эки ортодогу темир көшөгө кулаганына он жылдан ашканы менен чыгыштагылардан кооптонгон батыштыктар жок эмес.

Европа Биримдигинин кеңейүүсүнө карата коомдук колдоонун деңгээли талапкер өлкөлөрдө да саясий тынчызданууларды жараткан маселе. Себеби, талапкер өлкөлөрдүн өкмөттөрү бул багытта кеңири колдоого ээ болуу үчүн жалпы элдик референдумдарды өткөрүүнү тандашкан

Батышта да, Чыгышта да орун алган шектенүүлөргө карабай, жогоруда биз сөз кылган иликтөөнү жүргүзгөн германиялык " GFK" фирмасынын өкүлү Марк Хофманстын айтымында, азыркы статистика Европада оптимисттик маанай жогору экенин көргөзөт. Маселен, сурамжылоого катышкандардын ар бир экинчиси Батыш Европа бара -бара жок дегенде экономикалык жактан АКШга тең тайлаш болооруна ишенет:

- Менимче, эгер сиз германиялыктарды эсепке албасаңыз, чынында оптимизм бар. Себеби немецтер өтө пессимист. Бирок, жалпысынан мен бул салыштырмалуу оптимисттик көз караш деп айтаар элем.

Немецтердин келечекке көп ишенбөөчүлүк менен карашынын бир себеби өлкөнүн учурдагы экономикалык проблемаларында жатышы мүмкүн. Сурамжылоого тартылган германиялыктардын 15% Европа Биримдиги дагы жыйырма жылча кубаттуу боло албайт дешсе, 8% уюм тараарын, бирдиктүү европалык валютанын келечеги жакшы эмес экенин белгилешен. Европа Биримдигинин болочогуна карата оптимисттик маанай даниялыктар, финдер, шведдер арасында жогору.

XS
SM
MD
LG