Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Проди Европаны бирдиктүү позициядан чыгууга чакырды


Европа комиссиясынын президенти Романо Проди Европаны Ирак кризиси боюнча талаш-тартышын токтотуп, бирдиктүү позициядан чыгууга чакырды.
Ошол эле кезде, Проди бирдиктүү позициясы болсо да, болбосо да, Европа Биримдиги Бириккен Улуттар уюуму кабыл алган чечимдин чегинде иш алып барышы керек деген оюн билдирди. Иракты массалык кыргын салуучу курал жасап жатат деп айыптаган Кошмо Штаттары согуш жакынкы апталарда башталаарын айтууда. Ирак бул дооматты четке кагып келатат.
Бүгүн Бириккен Улуттар уюумунун курал инспекторлорунун жетекчиси Ханс Бликстин Иракка 8-февралда кайтып бараары кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG