Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

Израиль армиясы Хеброндо ондогон үйдү талкалап жатат


Израил армиясы бүгүн Батыш Жээктин Хеброн шаарында палестиналыктардын 22 үйүн талкалоого киришти. Бул тууралуу Израилдин жана палестиналык бийликтердин коопсуздук кызматтары маалыдашты. Ошондой эле Батыш Жээктин түндүгүндө израил аскерлерин таш менен соккон 14 жаштагы бала ок жеп, жараат алганы кабарланууда.
Кагылышуулар Израил армиясы Женин шаарына киргизилгенден кийин башталды.
Палестиналык бийликтердин жергиликтүү өкмөт министри Саеб Эракат Хеброндогу үйлөрдү талкалоону "согуш кылмышы" жана жаңы жөөт конуштарын курууга даярдык көрүү деп айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG